Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы өзүн ыза кылгандарды тебелетип кетүү: Кыргызстандыктарды Россияда массалык түрдө жумуштан бошотуп башташтыбы?

Жогорку Кеңештин депутаттары дүрбөлөңгө түштү

Алардын айтымына караганда, бул окуя биздин башка мигранттарга таасирин тийгизген. Ошол эле убакта «Замандаш» партиясы башкача маалымат берет.

Москвадагы чуулгандуу жол кырсыгынан кийин, 20 жаштагы Кыргызстандык жөө адамдардын тобун тебелетип кеткен. Эми Орусияда кыргызстандыктарды массалык түрдө иштен бошотуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Түмөнбаева билдирди.

- Ушундай кырсык болду. Орусияда кыргызстандык 9 жаранды машина менен сүзүп кетти. Жыйынтыгында башка КР жарандары жабыр тартууда. Алар үй бүлөлөрүн багуу үчүн жүрүшкөн ал жакта. соцтарма4тарда кыргызстандыктарды массалык түрдө иштен бошотуу башталды деп жазып жатышат. Биздин жарандардын жабыр тартпашы үчүн мамлекет аралык сүйлөшүү жүргүзүлүп жатабы? - деп кызыкты.

Биздин эмгек мигранттары менен тыгыз байланышта болуп турган «Замандаш» партиясынын төрагасы андай окуя болгон жок  билдирди Vesti.kg сайтына.

- Депутат апыртып жибериптир, - дейт Молдокматов. Текшерүүлөр, иштен бошотуулар байкала элек. Бул кайгылуу окуяга өтө кылдат кароо керек деп эсептейм. Депутаттар жөн эле талкуулап отургандын ордуна миграция кызматын, Элчиликти жана ТИМди чакырышса болмок. Анткени чече турган көйгөйлөр бар.

«Замандаштын» айтымында, чет элдеги кыргызстандыктардын эч ким кызыкпаган көйгөйлңрү бар.

- Эки ай мурда чыфккан каттоо тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Андан сырткары Мамдумада курулуш обьектилерине квота  коюу тууралуу мыйзамы чыгып жатат, - деп белгиледи ал. Учурдан пайдаланып, депутаттарга айткым келет, мындай маселени парламенттин залында отуруп алып кыйкыра бербей, чыгып жеринде чечүү керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх