Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Демократиялык коомдо тойлорго тыюу салууга мүмкүн эмес»

Майрамдарды өткөрүүгө беш жылдык мораторий  киргизүү тууралуу ача пикирлер пайда болду

Мамлекет тарабына өткрүлчү майрамдарга мораторий киргизүү керек, бирок карапайым элдерге той кылууга тыюу салууга болбойт. Ушундай деген депутат Акылбек Жамангуловдун билдирүүсү тууралуу ою менен Vesti.kg сайтына саясат таануучу, профессор Айнура Арзыматова бөлүштү.

«Бизге тойлорго көп каражат кетет, акча болсо эле майрам кыла беребиз», - деп жазат ММКлар эл өкүлүнүн айткандарын.  

- Бул жерде мамлекеттик майрам менен жеке тойдун түшүнүгүн айрып билиш керек, - дейт Айнура Атыгаевна. - Чынында эле мамлекет аз акча менен өтчү майрамдарга өтө эле көп акча коротот. Мисалы, ар кайсы ишмердин юбилейлерине. Ал эми өз каражатына той өткөргөн жеке жактарга эмнеге тыюу салабыз. Коңшу өлкөдө ушинтиптир дешет. Бул деген жеке жашоого тыюу салуу, демократиялык коомдо буга жол берилбейт.
Өз кезегинде саясат таануучу Марат Казакпаев да мамлекет кээ бир майрам, тойлорду токтотушу керек деп белгилеп кетти.

- Менин оюмча депутат казынадан акча кетчү мааракелерди айтты окшойт, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Бул арызга мен макулмун. Калп эле чача бергенден эмне пайда. Жеке майрамдарын деле элдер ойлонуп өткөрүп калышты. тыюу салууга албетте болбойт, бирок элдерге түшүндүрүү керек. Адамдардын тобун тамактандыруу үчүн кредит алуу акылсыздык.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх