Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстан көмүр ташуу үчүн темир жолдун баасын арзандатты, бирок Кыргызстан андан пайдаланбайт

Эксперт өкмөт кен иштетүүнү өнүктүрүүгө аз көңүл буруп жатат дейт

Өкмөт көмүр эксполрттоого көңүл бурса болмок, анткени бул тармакта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү зор. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына энергетика тармагынын эксперти Расул Үмбөталиев билдирди.

- Жыл сайын биздин өлкөдө 2 миллион тонна көмүр казылып алынат, - деп белгиледи ал. - Жол киренин кымбаттыгынан Кыргызстандын түндүгүнө көмүр ташуу пайдасыз. Ошондуктан казылган көмүрдүн бир бөлүгү коңшу мамлекетке сатылат.  Бирок экспорттун көлөмү 12 миң тоннадан ашпайт. Ал эми биздин коңшулардын суроо талабы миллион тоннага жетет.

Расул Акматович  Кыргызстандын көмүрүн чет мамлекеттегилер баалашат, биз аны эки эсе кымбат сатсак болот.

- Шавкат Мирзиёев келип кеткенден кийин биздин алар менен мамилебиз жакшыра түштү, - деп эскертет ал. - Өзбекстан тарап алтургай темир жол менен ташуунун баасын түшүргөнгө макул болуп турат. Бул бизге көмүр өндүрүүнү күчөтүүгө болгон жакшы учур. Мен бул тууралуу өкмөткө кайрылган эмесмин, бирок азырынча бул тармакта өнүгүү байкалбайт азырынча. 80-жылдар Кыргызстан көмүрдү бүт СССР боюнча казып таркатчу.

Белгилей кетели, кечээ парламенттин пленардык жыйынында депутат Мирлан Бакиров тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Эл өкүлү ай сайын Өзбекстанга 140 тонна көмүр экспорттомокпуз деп ишенет.

«Бул болсо ушул тармактын жана темир жол транспорт инфраструктурасын өнүктүргөнгө шарт түзмөк», - деп билдирди ал.

Эльвира Алабина
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх