Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Белизден келген документтерди таба алган жок

Атайын кызматтын өкүлү  ЖК депуттарына «Белизгейт» боюнча маселени жабык эшик артында талкуулоону сунуш кылды, анткени  бул иштин «өтө жашыруун» деген белгиси бар

УКМКнын  өкүлү «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарына Белиз боюнча маселени кароону сунуштады. Маселе жабык каралышы керек, анткени бул иштин «өтө жашыруун» деген белгиси бар.
 
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов өз кезегинде Белиз боюнча бардык кыргызстандыктар билээрин, жашыра турган эч нерсе жоктугун айтты.

«Мегаком» компаниясы боюнча Белиз мамлекетинен  алынган жасалма трасттык документтерди УКМК өкүлү мекемеден жумушчу комиссиянын таба албагандыгын билдирди.

- Мурда алынган маалыматтардын чындыгын билүү үчүн УКМКда жумушчу комиссия түзүлгөн болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгында Белиз мамлекетинен Кыргызстанга трасттык документтер келбегендиги жана катталбагандыгы анык болду. Бул факт боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү, - деди ал.

Андан сырткары, улуттук коопсуздук комитети УКМКнын эки кызматкери Белизге документке кетти деген маалымат да төгүндөлдү.

- -Кызматкерлердин Орусияда жана Кытайда жумушчу делегация менен бирге жүргөндүгү аныкталды, - деди ал.

Депутат Шыкмаматов өз кезегинде мурдагы УКМКнын жетекчиси Абдиль Сегизбаев мыйзамды бузуп, кызмат абалынан ашыра колдонгондугун белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх