Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тарых музейиндеги жыгач аттар жетекчилик үчүн «сюрприз» болгон

Адегенде немис компаниясына кыргыз аттарын жасоого буйрутма берилгендиги белгилүү болду

Жыгач аттардын ордуна кыргыз аттарын жасоого буйрутма берилген, ал эми кымбат эмеректердин ордуна карта болушу керек эле. Бул тууралуу «Ата-Мекен» фракциясынын жынында Мамлекеттик тарых музейинин башчысынын орун басары Анара Исраилова билдирди.

- Экспонаттарды жана концепцияны 2013-жылы Улуттук илимдер академиясы бекиткен, - деп кошумчалады Исраилова. - Ал жерде жыгачтар менен кафетерия жок болчу. Бизге боз үйдүн жанына аттар керек болчу, биз кыргыз аттарын жасоого буйрутма бергенбиз. Алтурсун аларга сүрөттөрүнөн бери жөнөткөнбүз, бирок бизге жыгач аттарды алып келишти.

Андан сырткары, адегенде музейдин ичинде кафетерий куруу каралган эмес болчу.  

- Ал жерде  XVII-XVIII кылымдардын картасы турушу керек болчу, алтургай долбоору даярдалган, - деп тактады директордун орун басары.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып Анаргүл Исраилова музейдин концепсиясын немис компаниясы  бекиткендигин маалым кылды. Ал эми чуулгандуу экспонаттар болсо дагы эле музейде турат.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх