Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар коомчулуктун мыйзам долбоорду талкуулоосу канааттандыраарлык деп эсептешет

Кээ бирөөлөр мындан да артык жасаса болот дешет, бирок ошол эле убакта анын бюджетке оор келип калаарынан чочулашат

Мыйзам долбоорлорду коочулуктун талкуусуна коюп  таасирдүүлүгүн күчөтүүнү депутат Дастан Бекешев сунуш кылды (КСДП). Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. «Мыйзам долбоорлорду коомдук талкууга коюуну жөнгө салуу керек, сайтка чыгарып коюу бул талкуулоого коюу эмес», - деп ой жүгүртөт эл өкүлү.  

Анткени менен кантип жакшыртуу тууралуу даяр жол-жобо анда жок. Дастан Бекешев Vesti.kg сайтына түшүндүргөндөй ал бул тармактагы эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүп жатыптыр. Анан парламентте ушул маселени көтөрүп чыгат имиш.

- Мен билерман болуп көрүнүүнү каалабайм, - деп мойнуна алды ал. - Бизде жарандык коом аябай жигердүү, бирок алар мыйзам долбоор кабыл алып койгондон кийин гана чыгып калышат. Ошондо гана айгай кылып мыйзам долбоорду артка чакыртып алуу керек деп калышат. Ал эми бул нерсе жакшы эмес. Эртерээк чечиш керек.

Депутаттын КСДП фрациясы боюнча кесиптеши Айнуру Алтыбаева партиялашын сындагысы келбейт, бирок коомдук талкуулоо тууралуу маселеде аны менен макул эмес.

- Менин оюмча мыйзамда баары ойлонуштурулган жана баары көрсөтүлгөн дейт ал Vesti.kg сайтына. - Кимге керек болсо, кимге кызык болсо ушул маселе, кирип сайттан карай беришет да. Дагы кантиш керек? Көчөгө жарыя кылып илелиби эмне?

Депутат Интернет кеңири таркаган заманда бул мыйзам долбоордун кантип таркалышы тууралуу ойлонбой койсо деле болот.
Азамат Арабаев (КСДП) коомчулуктун жигердүү талкуулоосу өтө маанилүү нерсе дейт. Анткени менен ал деле жаңы сунуш айта алган жок. Анын сөзү боюнча элдер бардык эле мыйзам долбоорлорго өздөрүн жоопкерчиликсиз сезишет. Алар азырынча даярдыктын алгачкы кадамдарында турушат.

- Көбүнчө 1-2 гана укук коргоочу нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга кызыгышат, - деп айтты депутат Vesti.kg сайты менен маек кылганда. - Азырынча мен башкача жолду көрбөй турам. Азыркы жол-жобо боюнча кабыл алынган нерсе ачык, бардыгына жеткиликтүү. Эч кандай чектөөлөр жок.

Мирлан Жээнчороев (Республика-Ата Журт) жакшыртуунун эч зыяны жок деп эсептейт. Бирок, анын сөзү боюнча, баары Дастан Бекешев сунуштаган нерседен көз каранды болот.

- Мыйзам долбоорлорду сайтка эле илбестен парламенттик уктурууларда болот, ал жерге ар кимдер келет деп эскертти ал Vesti.kg сайтына.

Эл өкүлү аудиторияны кеңейтүү көп чыгымдарды алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи. Кыскасы ал мыйзам долбоорлорду элдер менен региондордо жоолугушканда талкуулоого болот дейт. Мисалы элдердин конституциялык укуктары, пенсияга тийешелүү маселелер, мүмкүнчүлүгү чектелген адардар тууралуу адамдар менен жеринде талкуулоого болот.

- Бирок мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен куткарбайт, - деп белгиледи Жээнчороев. - Эгер өзүңдү ушул өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептесең, ушул өлкөнү башкарууга өз салымымды кошом десең анда кызыгып, сайтты ачып оку. Мен коомдук ишмерлердин көбүн билем, алар дайыма ушундай кылышат. Бирок азыркы эреже деле эч кимге тыюу салбайт, кызыккандар Кыргызстандын мыйзамын түзүүдө катыша берсе болот.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх