Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимовду камакта калтырышты. Жактоочусу Жогорку сотко кайрылат

Сот жараянын кайрадан жабык түрдө өткөрүштү

Бишкек шаардык сотунда жактоочунун Бишкек мэри Албек Ибраимовдун камакта калуусунун узарышы тууралуу арызын кароо боюнча жараян болуп өттү.

Мурунку мэрдин жактоочусу Сергей Слесаревдин Vesti.kg сайтына билдиргенине караганда, сот коргоочунун арызын канаааттандырган эмес.

- Сот мен келтирген мыйзам бузууларды уккусу да, көргүсү да келген жок. Ошонун ичинде КР КК 166 беренеси боюнча (Алдамчылык) кылмыш ишинин жоктугун жана бөгөт коюу чарасын, - деп түшүндүрдү ал.
Андан сырткары, Слесаревдин маалыматы боюнча, шаардык сот жараянды жабык түрдө өткөргөн, - деп белгиледи жактоочу.

- Бул жолкусунда Ибраимовдун тарапкерлерин сот залына кийирген да жок, - деп белгиледи жактоочу. - Сот тергөөнүн сыры бар дейт, бирок бул сот жараянынын жабык өтүшүнө негиз боло албайт.

Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырышты. Коргоочу тарап бул чечимге арызданууну көздөп турат.

- Жогорку сотко арызданабыз, ошол жактан көрүшөбүз, - деп сөзүн бүтүрдү Слесарев.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх