Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар кеңешинин төрагалыгына коалициялык көпчүлүк бир гана талапкерди жылдырат

Эртең Бишкек шаардык кеңешинде жыйын болот

Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына көпчүлүк коалиция бир талапкер чыгарат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП фракциясынын депутаты Эрнис Докенов билдирди.

- Менин билишимче, азыр талапкерди алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат, - дейт Докенов.

Ал ортодо шаар кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев Vesti.kg сайтына бүгүн «Республика - Ата Журт» жыйыны болуп, анда спикерликке талапкерликти талкуулашаарын билдирди.

- Бүгүн саат 17:00 фракция жыйылат. Кимди алып чыгаары азырынча белгисиз. Бул кызматка мен барбайм, себеби мурда иштегем, - деп маалым кылды депутат.

Эртең Бишкек шаар кеңешинин мүчөлөрү чогулат. Күн тартибинде төраганы шайлоо маселеси каралат.

Эске салсак, мурда «Кыргызстан» фракциясы расмий түрдө Кубанычбек Коңгантиевдин талапкерлигин алып чыккан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх