Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз Бельяниновдун таржымалын билебиз

Премьер Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын Кыргызстанда бизнес тууралуу сүйлөшө турган эч ким жок деген билдирүүсүнө жооп кылды

Эгерде Бельянинов расмий киши болсо, анда жоолугушууну сунуштасын. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин отурумунда Андрей Бельяниновдун Кыргызстан тууралуу билдирүүсүнө ушундай жооп кылды.

Министрлер кабинетинин башчысын сынга жооп айтууга депутат Руслан Казакпаев үндөдү.

- Биз Бельяниновдун өзүнүн таржымалын билебиз, - деп белгиледи Абылгазиев. -Өзүнүн премьер-министр менен сүйлөшө ала турган деңгээлин көрсөтсүн. Биз кадыр-барктуу адамдар менен сүйлөшөбүз. калгандары өзү менен өзү жоолугуп, бир нерселерди айтып жүрө берсин.

Эске салсак, сентябрдын башында Евразия өнүгүү банкынын төрагасы Андрей Бельянинов «Кыргызстанда бизнес тууралуу сүйлөшө турган эч ким жок, чиновниктер дайыма алмашып турат, аларга алмашкан сайын үйрөтүп туруу керек» деп билдирген эле.

Кийинчерээк каржы Министрлиги Бельяниновго жооп берүүгө даярданып жатабыз деп билдирген.

Белгилей кетели, Андрей Бельянинов 2006-жылы анын үйүнөн контрабандалык  элиталык коньяктар тинтүүдө табылгыча, Орусиянын Федералдык салык кызматында иштеген.  Ыкчам кызматкерлер анын үйүнөн бут кийимдин кутусуна салынган ири суммадагы акчаларды таап чыгышкан. Андан соң Бельянинов ээлеген кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх