Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР ИИМ төрт кызматкерин АКШнын кызыкчылыгына иштегендиги үчүн соттошту. Ал эми жалдангандарга эмне болду?

Ички иштер министрлигинде жана америкалык элчиликте бул жаңжал тууралуу комментарий берише элек

Ички иштер Министрлигинин 4 офицери 2 жыл бою Кыргызстандагы АКШнын элчилигине бакан ооздук кылышкан. Кызматтык сырды камтыган маалыматтарды чет элдик ишканага ташыганды башкача кантип атоого болот?

2018-жылы 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап жана өкүм чыгарган, - деп билдирет «Дело №» гезити. 

Жазага тартылгандар:

Мирлан Тойчиев КР мамлекеттик Башкарууну коргоо иштери боюнча улук ыкчам кызматкер. Бул бөлүк мамлекет коргоого алаган элдерди коргоо менен алектенет; мисалы, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды;
Эмилбек Карачев - ИИМ «Ак Шумкар» атайын дайындоо полкунун улук инспектору;
Самат Шерипбеков – КР ИИМнин мурдагы кызматкери, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери.

Ал эми бул окуяга кабылган элчиликтин кызматкерлеринин жана жалданган бакан ооз милициялардын андан аркы тагдыры эмне болду? Vesti.kg сайты кырдаалды билүү үчүн америкалык элчиликке кайрылганда, бул суроого жооп бере турган киши табылган жок. ИИМде да комментарий берүүдөн тартынышты.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх