Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин спикерлигине Жаныбек Абировду сунушташты

Кубанычбек Конгантиев талапкерлигин алып салды

Бишкек шаар кеңешинин депутаты Кубанычбек Коңгантиев спикерди шайлоодо катышпайт. Анын талапкерлигин алып салгандыгын «Кыргызстан» фракциясынын көсөмү Таалабек Сагынов билдирди.

Ал муну талапкерликке копчүлүк коалицияга кирген фракциянын гана мүчөлөрү талапкер боло тургандыгы менен түшүндүрдү.

Көпчүлүк коалиция спикерликке Жаныбек абировдун талапкерлигин сунуш кылышты. Ал 29 жашта, үйлөнгөн, үч баланын атасы.

Билими: 2011-2014 жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясын бүткөн. 2016-жылдан бери Бишкек шаар кеңешине КСДП саясий партиясынан депутат. 2017-жылы «Абиров»  Коомдук фондун негиздеген. 2018-жылдын азыркы учуруна чейин Бишкек шаар кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.

Эске сала кетели, кечээ Бишкек шаардык кеңешинин коалициялык көпчүлүгү урап, жаңы башкаруучу альянс түзүлдү. Анын курамына: КСДП, «Өнүгүү - Прогресс», «РАЖ» жана  «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды.     

Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх