Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар кеңешинин спикери Жаныбек Абиров болуп калды

Жумабек Салымбеков көпчүлүк коалицияны башкарды

Бишкек шаардык кеңешинин спикери болуп Жаныбек Абиров шайланды. Ага 40 депутат макул, бирөө каршы добуш берди.
Андан сырткары, коалициялык көпчүлүк өздөрүнүн көсөмүн аныкташты - ал Жумабек Салымбеков болду.

Жыйында башкаруучу альянстын мурунку көсөмү Таалайбек Сагынов коалициянын таркашынын себебин сурады. Ага жөн эле жаңы коалиция түзүү керек болуп калды, өзгөчө деле себеп жок деп жооп беришти. Сагынов болсо эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда боолрун билдирди.  

Эске салып коёлу, кечээ Бишкек шаар кеңешинин коалициялык көпчүлүгү таркап, жаңы башкаруучу альянс түзүлдү.

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх