Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кувейт эл аралык университети египеттик бизнесмендердин табылгасы болуп калабы?

Өткөндөгү ректор Алмаз Ибраевди иштен бошотуу иштин башталгандыгынан кабар берет деген күмөн ойлор бар

Египеттин ишкерлер тобу Кыргызстандын аймагындагы билим берүү мекемелерин жана коомдук ишканаларды  «кллекциялап» жатат. Болжолу, кийики кезекте Кувейт Эл аралык университети окшойт.

ЖОЖдун профессорлук-окутуучулук курамы ушул жылдын август айында карышкыр тийген койдой болду. 2018-жылдын 16-августунда ректор Алмаз Ибраевди иштен четтетишти.

Учурдагы адамдар деген кимдер?

Окуу жайдын жамааты Ибраевдин кызматтан алынышына арап тили кафедрасындагылар жана КЭУ адамдарынын тийешеси бар дешет. Бул тууралуу университеттин кызматкерлери президент Сооробай Жээнбековго жазаган ачык катында айтышкан.

Тактап айтканда арап кафедарсынын башчысы Шехате Абдельразеке ( Египеттин жараны), тарбия иштери боюнча куратор Ихабе Шаркави (Египет жараны) ошондой эле  Мохаммеде Хаджаже (Египет жараны) - «Рисаля» диний коомунун директору жана «Давха» мектебинин директору.

Каттын авторунун ою боюнча акыркы аталган адам көбүрөөк кызыгууну туудурат. 2018-жылдын башында Мохаммед Хаджаж университеттин каржылык куратору болот.
«ЖОЖдун кызматкерлеринин айлыктарынын кечигиши анын ишмердүүлүгүнө байланышкан эмеспи?» , - деп кызыгышат алар.

Иши оңунан келген ишкерби?

Мугалимдердин шектенүүсү бекеринен эмес экендигин белгилей кетели. Анткени Хаджаж мырзанын өтө эле кызыктуу таржымалы бар экен.

1997-жылы Ошто Кыргыз-өзбек университетинде арап тилинен сабак берген мугалим болгон.

2013-жылы  «Смарт дженерейшн» коомдук фондунун директору Ваиль Мурсинин аркасы менен ал кувейттик фонддун  «Давха» деген мектебинин директору болот.
Андан ары батыраак кетет: ошол эле жылы Хаджаж «Смарт дженерейшн» негиздөөчүлөрдүн курамына кирет.

Чет элдик кесиптешинин жардамы менен ал дини долбоорлор менен алектенген «Рисаля» коомдук фондунун жергиликтүү жетекчилерин басууга жетишет. Алгыр ишкер бир эле мезгилде анын түзүүчүсү жана директору болуп калды.

Ошентип каржы түзүмү Мохаммед Хаджаждын колуна тийди. Фискалдык орган тарабынан дээрлик көзөмөлгө алынбаган акча агымы бар бул фонд толугу менен анын колунда калды.

Эң акырында 2018-жылы Египеттен чыккан бул жаран Чыгы университетинин каржылык куратору болуп калды. Ал Кувейт, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдүн акча агымдары менен иштеше баштады.

Билим берүү кызматкерлери каршы

КЭУ нун мурунку ректору Алмаз Ибраевди иштен албаганда да каршы болушпайт эле. Анткени мунусу менен алар окуу жайды жок кылышат.

2017-2018 жылы алмаз Ибраев КР или, билим берүү Министрлигинин талабына ылайык аккредитация процессин баштады, - дешет алар. - Биз билип турабыз, анын кетиши КЭУнун илимий демилгесин өчүрөт. Эгерде университеттин программасы жабылса, анда мамлекеттик үлгүдөгү дипломду бере албай калат, абитуриенттерди да кабыл ала албайт. бизде окуп жаткан студенттерди башка окуу жайларга которуп жиберишет. Бул болсо университеттин кадырына , ишмердүүлүгүнө доо кетирет.

Мамлекет башчыга жазган каттарында алар өз жүйөлөрүн келтиришкен, анда Ибраимовду ректорлукка алып келүү керек деп айтышат.

«Ибраев университеттин өнүгүү стратегиясын иштеп чыккан, аккредитациянын негизинде эл аралык макамга ээ болуу процессин жүргүздү, - деп жазышат КЭУ кызматкерлери. Ал иштеген убакыттын ичинде окуу жайы өз кулачын кеңири жайды, СКМШ өлк-л-рүнүн алкагында, андан сырткары да жактарга кызматташтык ммиле анын жеке изденүүсүнүн натыйжасында пайда болду. Анын кетиши көптөгөн иштердин токтоп калуусу менен коштолот».

Кайрылуунун авторлору мурунку ректор илим изилдөө институтун ачкандыгын эскертишет. Анын долбоору ЕБ, Түштүк Кореяга, Кытайга жана башка өлкөлөргө тааныш. Алар илимий изилдөөлөргө каржылык жардам көрсөтүүгө даяр. Алардын айтымында мунун баарына жетишүү өтө кыйындыкка турган, бирок Ибраимов сүйлөшүүлөрдүн негизинде жөндөмү аркылуу жетишкен.

Тынч исламдын үнү

«КЭУ 8 жылдан бери ушундай даражага жетишине Кыргызстандын да, арап дүйнөсүнүн да саясий салымы зор, - деп эсептешет анын кызматкерлери. - ЖОЖ жогорку сапаттуу адистерди чыгарат, алар арап филологиясы, эл аралык мамилелер, юристтер жана экономисттер. Булардын баары арап мамлекеттери менен кызматташуу үчүн даярдалышат. Батыштын ислам дүйнөсүнө жасап жаткан чабуулунда бул светтик университет толеранттуу идеология, саясат, тактика жана стратегияны көрсөтүп, исламдын тынчтыкка үндөөсүнүн үлгүсүн көрсөтөт».

«Жоопкерчиликтүү жетекчи»

«Отунбаеванын демилгеси» коомдук Эл аралык фонддун директору Догдургүл Кененбаева мурда иштешкен киши катары Алмаз Ибраевди жакшы жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары сыпаттайт.

- Мен мурда министрдин орун басары болгонумда биз бирге иштегенбиз, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Ал «Дин маданияттын бир бөлүгү» деген эксперттик курамда болчу, кеп балдардын динге карата толеранттуу мамилесин иштеп чыгуу тууралуу болгон.

Жеке менчик окуу жайдын ички ишине бийликтин киришүүсүнө үмүт кылуу туура болбой калат го. Бирок, бийлик арап-египет ишкерлеринин билим берүү жаатында активдешип бара жаткандыгына көңүл буруусу да зарыл.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх