Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Милиция парламенттен көз каранды, ал эми ат кошчулар ушундан пайдаланат»

МАИ кызматкерлери кымбат баалуу машиналарды минген чиновниктерге карата чара колдонуудан коркушат, анткени прокуратура алардын өздөрүн жаман кылат

Биздин өлкө ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп калды, ар бир эле чиновниктин айдоочусу мыйзамды сактабайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына аскер эксперти полковник Токтогул Какчекеев билдирди.

Түшүндүрө кетели, кечээ соцтармактарда жолтандабастын айдоочусу тууралуу видео жарыя кылынды. Ал МАИ кызматкерлерине карата өзүн агрессивдүү алып жүрдү. Аны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтоткон болчу. Андан сырткары. Машинанын алдыңкы каптал терезелери күңүрттөлгөн экен. Жаңжал болгон жерге журналисттер барышты. Айдоочу анын менен да урушуп, алтургай телефонун тартып ала жаздады. Белгилей кетчү жагдай, мурда бул машинадан Тазабек Икрамовду көрүшкөн болчу.
Икрамовдун өзү менен журналисттер байланышканда , ал чет мамлекетте коммандировкада экендигин, анын машинасын ким айдап жүргөндүгүн билбестигин айтты. Бирок бул кырдаалды териштире тургандыгын айтты.
Өз кезегинде Бишкектин ЖККМБ болгон окуя тууралуу өзүнүн чындыгын айтты. Таң кала турган жагдай экендигин белгилей кетели. Мекемедегилер кызматкерге эч ким жулунган эмес, бир гана айдоочу менен журналисттин ортосунда кайым айтышуу болгон деп билдиришти.

- Депутат, министрлердин таркыйган «Лексустарынын» айдоочулары жол эрежесин дамаамат бузушат жана башка машиналарды тебелеп сала жаздап жүрүшөт, - деп нааразы болот Токтогул Какчекеев. Аларга бирдеке десең ашата сөгүп, мурдуңду кандап коюушу да толук мүмкүн. Аларга баары боло берет. Буга далил - алардын милицияларга кылган мамилеси. Ал эми ички иштер органынын жетекчилиги мындай учурда катардагы милиционердин кызыкчылыгын коргой алышпайт. Анткени ага пленардык жыйында депутаттын айдоочусуна ороңдоду деп айтышат.
 
Какчекеев милициянын Жогорку Кеңештен түздөн төз көз каранды экендигин айтат.

- Дептутаттар айлыкка, турак жайга тийешелүү мыйзамдарды жазышат, маселелерди чечишет, - деп эскертет эксперт. - Ушуга байланыштуу милиция алардын алдында тили кыска. Ал эми ат кошчулары мындай учурдан пайдаланышат, өзгөчө көйрөңдөрү.
Бекер айтпайт да, бүгүнкү күндө секретарша менен шоопурдун күнү тууду деп. Ошондой эле болуп калды.
Бул окуяга парламенттин консультанты, юрист Улан Жумаков көңүл бурган. Ал фейсбукта өз оюн бөлүшкөн.

Юрист бул окуя тууралуу ИИМдин маалыматы бардыгына толук ишенет:

«Сиздер бул видеону министр көргөн жок деп жатасыздарбы? - деп сурайт ал. Ал баарын эң сонун көрдү, жөн гана кандайдыр бир милиционер үчүн жолтандабастын ээси менен мамилесин бузуп алгысы келбей, үндөбөй отурат. Мына ИИМдин болгон даремети, анан кайдагы реформа тууралуу сөз болсун. Менин билишимче - эгер эреже бузган киши милиционерди түртүп, жулкулдатып жатса, демек ал Кыргыз Республикасынын ички иштер министрин жулкулдатып жатат. Адегенде өз кызматкерлериңердин кызыкчылыгын коргоп алганды билгиле, башканы айтпай эле коёлу». (Орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)


Вероника Малышева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх