Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков эми эч качан жоолугушпайт

КСДПдан азыркы жана мурунку президенттердин качан акыркы жолу жоолугушкандары тууралуу айтып беришти

КСДПнын XVII съездинен кийин президен Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев жоолугушкан эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Экөө акыркы жолу ушул жылдын март айында жоолугушкан, - деп тактады ал.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин расмий жоолугушуусу 28-мартта болгон. Андан кийин КСДПнын маалымат кызматы акыркы эки айда алар бир да жолу жоолугушкан жок деп билдирген.

Андан кийин 31-мартта КСДПнын кезектеги сессиясы болуп, анда партиянын лидери кылып Атамбаевди шайлап алышты. Белгилей кетүүчү нерсе иш чара келген делегаттардын нааразычылыгы менен коштолду, журналисттерге добуш берүүдөгү эреже бузуулар тууралуу билдиришти. Алардын кээ бирөөлөрүн залга киргизген эмес, бирок саясий бирикменин өкүлдөрү алар атайылап коомчулукка туура эмес пикир таратып жатат дешти.

1-майда КСДПнын кээ бир мүчөлөрү Жээнбековду Атамбаев менен жоолугушууга чакырды. Бирок жоолугушуу болгон жок. Ошондо мамлекет башчынын маалымат катчысы президент партиянын ишмердигисиз эле иш алып барат деп билдирди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх