Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы аймактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кыскартууну сунуш кылышты

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы депутаттын бул оюн ар тараптуу кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутатыт Абдывахап Нурбаев аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү кыскартууну сунуштады, ал эми аларга айлык болчу акчаны мугалимдерге бөлүп берүүнү айтат.

- Бүгүнкү күндө балдарга билим берүү курч көйгөй бойдон калууда. Класстарда 60 окуучу отурат. Биздин улуттун келечеги балдардын алган билиминен көз каранды. Мен аймактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюуну жана алардын алган айлыктарын мектеп мугалимдеринин айлыгына кошуп берүүнү сунуштайм. Силер болсо акимдер менен түздөн түз иштешесиңер деп премьер-министрге кайрылды.

Бул сунуш тууралуу өз оюн Vesti.kg сайтына Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү башкаруунун системасы менен иштешүү зарыл, бирок мынчалык радикалдуу эмес.

- Бул субьективдүү гана ой жүгүртүү, - дейт Эмилбек Саламатович. - Аймактык башкарууну оптималдаштыруу үчүн ар тараптуу реформа кылуу керек. Бирок менин оюмча, кандайдыр бир структураны жок кылып жиберүү жакшы натыйжа бербейт. Бардык учурларды тыкыр иликтеп көрүү керек. Андан кийин гана мамлекеттик структураны өзгөртүү тууралуу сөз кылууга болот.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх