Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык соту «Раим миллиондун» ишин башка күнгө которду

Матраимовдун өзү процесске катышкан жок

МСК төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү ишибоюнча сот жараяны ушул жылдын 30-октябрына которулду. Бул тууралуу  Vesti.kg  сайтына анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

- Ишти бүгүн Бишкек шаардык соту карады. Бирок соттук уктуруудан кийин да бир нече чечилбеген маселелер калды. Отурумду башка күнгө которуп салышты, - деп маалымдады юрист.

Карыжинскаянын маалыматы боюнча, Матраимов өзү сот отурумуна катышкан жок. Ошону менен бирге эле Карыжинская анын коргоого алган адамы Кыргызстандабы деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Эске сала кетсек, мурда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган болчу. Бул чечимге өкмөт арыз жазган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www     



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх