Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина: КСДПнын депутаттарын Атамбаевге барып келгенден кийин УКМКга чакырышты

Бир нече депутаттар экс-президентти партиянын юбилейи менен куттукташты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутатын Атамбаевди партиянын юбилейи менен куттуктап келгенден кийин УКМК чакырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Карамушкина билдирди.

- Бүгүн биз Асель Кодуранова экөөбүз «Форум» имаратына Алмазбек Шаршеновичке жоолукканы келдик, - дейт ал. - Ал абдан кубанып, аял партиялаштарым ишеничтүү экен деди. Биз атайын эч кимден коркпошубузду көрсөтүп бардык, ал эми партиянын ички ыйкы-тыйкысы өтүп кетүүчү нерсе. Мындай юбилейде биз лидерибизди колдоп коюшубуз керек.

Ирина Юрьевна Атамбаевдин маанайы жакшы экендигин белгилей кетти.

- Ал биздин аны барып куттуктаганыбызга жетине албай кетти, - деп тактады эл өкүлү.  - Бирок бизди кейиткен нерсе ал жерде бизди укук коргоо органдарынын кызматкерлери саксактап жүрүштү.
Биз ал жактан келгендиен кийин, биздин бирөөбүздү УКМК чакырып кеткенде мен аябай жаман акыбалда болдум. УКМКдагылар «Форумга» эмнеге бардыңар, ал жерде эмне кылдыңар, эмне максатыңар бар деген суроолор менен мазасын алышкан. Анын фамилиясын мен азырынча айтпай коё турайын азырынча, бардык жагдай аныкталсын. Бирок, менин коркконум, эгер бул чын болсо биздин ишибиз чатак.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх