Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кеминдин мэри кайсы акчага мечитке килем сатып алгандыгын түшүндүрдү

Солайбек Досов бюджеттик каражаттарды колдоноюн деген ниети болгон эмес

Кемин шаарынын мэри Солайбек Досов бюджеттин акчасына мечитке кымбат баалуу килем сатып алып жатат деген маалыматты четке какты.

- Бул акча бюджеттики эмес, - дейт ал Vesti.kg сайты менен маектешкенде. - Бизде ушундай коомдук фонд бар, «Кемин келечеги» деп аталат ал. Мен ошонун акчасына мечитке килем алгам. Бирок  мен бул ойдон кайттым, анткени бул мыйзамга туура келбейт экен.

Солайбек Содалиевич маселе чечиле электигин тактады.

- Биз бул иштин мыйзамдуулугун краап көрөбүз, - деп улантты ал сөзүн. - Эгерде жол берсе эмнеге кудай жолундагыларга жардам берип койгонго болбосун? Эгер бул акчалар да мамлекеттики болуп эсептелсе, анда иштетпейбиз. Мен бул ишти жергиликтүү кеңешке алып барып чечкенге аракет кылам. Анткени дин жана мамлекет эки башка нерсе да. маселе али чечиле элек.

Түшүндүрө кетели, ММКда Кемин шаарынын мэри шаардын борбордук мечитине 119 700 сомдук килемди мамлекеттин эсебинен сатып алганы жатат деген маалыматтар таркаган.
 
Медина Купсулдаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх