Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жүзгө жакын тарапкерлери соттун имаратына келишти, бирок бул эч нерсени өзгөрткөн жок

Мурунку премьердин камакта калуусун 5-декабрга чейин узартышты

Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.     

- Аны саат 19:30 чамасында алып келишти, ал эми өкүмдү болсо түн жарымда чыгарышты, - дейт ал. - Сыртта 100 чамалуу киши топтолду - жакындары, туугандары жана Сапар Исаковдун тарапкерлери.

УКМКнын тергөөчүлөрү мурунку премьердин камактагы мөөнөтүн узартууну суранышты,  Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов бул өтүнүчтү орундатпоону суранды.

Эске салсак, Vesti.kg сайты мурда Жогорку сот августтун аягында мурдагы премьердин камакита калуусун 5-декабрга чейин узарткандыгын жазган эле. Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча айыпталууда.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх