Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК кызматкерлери командировкага баруучу талапкерлерди тандоого нааразыбы?

Боршайкомдун төрайымы бардык чечимдер мыйзамдын алкагында кабыл алынды деп билдирет

Vesti.kg сайтынын редакциясына өздүк маалымат булактарыбыздан кат келип түштү, анда Орусиянын президентин шайлоого байкоочу катары командировкага баруучуларды тандоого нааразы экендиктери жазылган.

Катта БШК төрайымы командировкага "өзгөчө кызмат" көрсөткөндөрдү гана жөнөткөн. Ал эми бул системада көптөн бери кызмат өтөгөн кызматкерлер барышкан эмес.

Андан да сапарага дайыма үч киши гана чыгып турушкан. «Орусия президентин шайлоодо байкоочу катары бара турган кызматкерлер ОБСЕ линиясы боюнча жөнөтүлдү, бирок республикалык бюджеттин эсебинен. Эми болсо Боршайком айлыктан мыйзамсыз кармап калып жатат. Ал эми барып келген кызматкерлерден кармабайт», - деп нааразы болот каттын автору.  

Өз кезегинде Борбордук шайлоо комитетинин төрайымы  Нуржан Шайылдабекова  Vesti.kg сайтына берген маегинде бардык кызматкерлер командировкага мыйзамдын чегинде жөнөтүлдү деп билдирет.

- ОБСЕ линиясы менен жөнөтүлгөн адамдар биздин талапка жооп бере турган экен, - деп түшүндүрдү ал. - Алардын баары англис тилин билет экен. Айзада Дамир кызы, мисалы, адам ресурсу боюнча иштейт. Ал жарандык билим алууда тажрыйба алмашуу үчүн барды. Командировкага баруучу талапкерлерди орун басарым сунуш кылат, бирок өзүм да чечим кабыл алам. Мен билем жана түшүнөм ал катты ким жазгандыгын.

Эльвира Алабина
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх