Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мавлян Аскарбеков өзүнүн дайындалуусу тууралуу: Кызмат - колдун кири

Кыскасы, Биринчи май районунун акиминин жаңы орун басары коомдук-саясий ишмердүүлүккө таптакыр кайтып келбешине көзү жетпейт

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин турак жай жана чарба маселелри боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү  Vesti.kg сайтына билдирди.

- Мага өнүгүүнүн жаңы тепкичи керек, - деп айтат активист. - Албетте, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам коомдук-саясий иштер менен алектенүүгө тыюу салат. Бирок мен бир нерсени айтып коёюн: мен коррупцияга каршы күрөшкөм, күрөшөм жана дайыма күрөшөм. Мен кайда болсо да, оппозициядабы же кызматта боломбу баары бир өлкөнүн өнүгүүсү жана реформа үчүн принципке турам.

Аскарбеков коомдук-саясий кырдаал бат өзгөрүп тураарын, ошондуктан азыркы ээлеген кызматын түбөлүк ээлеп калышына ишенбестигин белгилей кетти. Бирок ал ар кандай учурда өз принцибине бекем тураарына убада кылды.

- Биз жаңы муундун саясий ишмерлерибиз, - дейт акимдин жаңы орун басары. - Кызмат деген колдун кири , өлкөгө кызмат кылуу жана реформа баарынан маанилүү.
Мурдагы активист анын ээлеген кызматы өз алдыенча чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берээрин белгилеп өттү. Ал жакынкы убактарда турак жай жана чарба иштерин жакшыртууга сунуштарды киргизүүгө ниети бар экендигин айтты.

- Биринчи май району - борбор шаардын ортосу, эл көрө турган жүзү, - дейт ал. - Мен аны жаңылап жана жакшыртууга , шаарга көрк берүүгө аракет кылам.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова анын коомдук-саясий иштен мамлекеттик кызматка кетүүсүнөн эч кандай жаман нерсени көрбөгөндүгүн айтат. Ал өзү Vesti.kg сайтына айтып бергендей, сындаш баарынын колунан келет, ал эми чиновник болуп иштөө - бул чоң жоопкерчилик.

- Мен анын колунан келет деп ойлойм, - дейт Абдирасулова. - Ага ийгилик каалайм.

Эске ала кетели, мурда  Vesti.kg сайтына Мавлян Аскарбековду бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн жазадан кутулду деп билдиришкен. Жазаны жокко чыгаруу чечимин мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу Жогорку сот чыгарган. Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети активистке карата КР КК 297 берененин 1 п. менен кылмыш ишин козгогон.

Аскарбеков жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевди жана саясий камактагыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле Бишкектеги жерлерди мыйзамсыз жер сатууга , дарактарды кыюууга каршы чыгып сүйлөгөн.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх