Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Жогорку Кеңештеги жана Башпрокуратурадагы өкүлдөрү мурдагы мамлекет башчынын кол тийбестиги сакталуусун каалашат

Конституциялык палата Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карады

Президенттин аппаратынын парламенттеги жана башпрокуратырадагы өкүлдөрү мурдагы президенттин кол тийбестиги сакталуусун жактып сөз сүйлөштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

- Бүгүн Конституциялык палата менин мурдагы президенттин кол тийбестиги конституциялык эместиги тууралуу өтүнүчүмдү карашты, - деп түшүндүрдү ал.  - Мамлекеттик органдар менин арызымдан эч кандай жарандардын теңсиздигин көрө алышпайт. Менин баамымда бардык мекемелер көзөмөлдө турат. Жогорку Кеңештин аппаратынын юристи өзүнүн багытын парламенттин спикери менен макудашып алдык деп тактады. Бул болсо өлкөнүн жетекчилиги бардык укук коргоо органдарын көзөмөлдөп турат дегенди туюндурат. Чамасы биздин өлкөдө эч кандай реформа деле болбойт окшойт.

Токтакунов бүгүн Конституциялык палата бул маселе боюнча чечимин угузааарын белгилеп кетти.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх