Конституциялык палата экс-президенттин кол тийбестигин алуу механизмин иштеп чыгууга макулдук берди
Бул жараян өтө татаал болушу мүмкүн
Конституциялык палата «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин конституциялык эмес деп тапты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
- Жөнөкөй тил менен айтканда, бул берене Конституцияга каршы келет. Анткени анда кол тийбестикти алуу жараяны каралган эмес, - деп түшүндүрдү Токтакунов. - Ошону менен бирге эле алар Жогорку Кеңешке экс-президенттин кол тийбестигин алышыңар керек деп жатышат. Бирок бул жерде анын кол тийбестигин алуу аны кызматтан алууга караганда да татаал жараян болот.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз