Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Көптөгөн чиновниктер жумушка отуруп, кофе ичип кетүү үчүн гана келишет»

Экспертти өкмөттүн ӨКМ, МЧК жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы Чүй дарыясын бойлогон чегара сызыгынын канча экендигин билбегендиги таң калтырды

Мамлекеттик органды өкүлдөрү Чүй дарыясын бойлогон чегара сызыгынын канча экендигин билбөө фактысы таң калтырбаш керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайты аскертик талдоочу Токтогул какчекеев билдирди. 

- Анткени ар кандай партиялардан шайланган тийешелүү органдар буга жөндөмү жок, - дейт ал. - Алар жумушка кофе ичип, отуруп, өздөрүн маанилүү көрсөтүш үчүн гана келишет. Ал эми алардын ал жерде эмнеге отурушу керектиги тууралуу жөнөкөй гана нерсеге баштары жетпейт. Ар бир адам 6-классынан баштап өлкөнүн географиясын билиши керек. Кыргыз Республикасынын жарандары түштүктө жана түндүктө канча километр чегара сызыгы бар экендигин билүүсү керек. Ошону менен бирге чектешкен мамлекеттерди , ал жердин калкын, алардын саясий түзүлүшүн, калкын, ошону менен бирге мамлекеттер аралык мамилени да билиши керек. Муну азыр баары эле биле бербейт.
Эксперттин ою боюнча, мамлекеттик органдардын жөндөмсүз экендигине таң калыштын кереги жок.

- Мындай нерсеге таң калуунун кереги жок, - деп билдирди Какчекеев. - Азыр кадрды кызматка алып жатып анын акыл жөндөмдүүлүгүнө карабай калган, тууганчылыгы, бийликке жагышы гана маанилүү болуп калган. Бул бардык жерде ушундай. Эгеде сиз качандыр бир кезде ИИМге барып калсаңыз алардан КР милиционернин анты кандай болоорун сурап көрүңүз. Билишпейт.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Аалы Карашев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн Чүй дарыясын бойлогон чегаранын сызыгынын узундугу канча экендигин билүүгө аракет кылды. Бул суроого ӨКМ, МЧК жана ошол аймактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчөө үч башка жооп берди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх