Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы министр Исакунованын иштен бошошу тууралуу: Кудай жалгап, бизде да абийири менен кызматтан кете башташты

«Кээ бирлери кызмат үчүн соттошуп, соттон чакыруу келсе да отура беришет»

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Токтакунова мекемедеги жаңжалдан кийин кызматтан кетүүнү чечип туура иш кылды. Мындай пикирин  Vesti.kg  сайтына КР социалдык коргоо жана миграция министри Айгүл Рыскулова билдирди.

- Анын кызматтан кетиши мыйзам ченемдүү, - дейт ал. - Биз демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз. Министрлик тууралуу бир гана жаман маалыматтарды таратып жиберишти. коомчулук жаман пикирде болуп калды. Исакунова аны берене менен кетиришин күтпөй эле өзү кетип калды. Ал жана мурдагы министрдин орун басары Лунара Мамытовалар туура кылышты. Алар калган абийирлерин мүмкүн болушунча сактап калышты.

Укук коргоочу Рита Карасартова экс-министрдин өз каалоосу менен кызматтан кетиши Кыргызстандагы маданияттуу кызматтан кетүүнүн башаты деп эсептейт. ал  Vesti.kg сайтына дүйнө жүзүндөгү чиновниктердин баары адегенде кызматтан кетип туруп, анан актыгын далилдешет деди.
- Бизде болсо кээ бирлери акыр аягына чейин отура беришет, алтургай соттон чакыруу кагаз келгиче да отура беришет, - дейт Карасартова.

- Бул жерде министрлер кетпесе кууп кетирет дегендик эмес. Өз каалоосу менен кетүү - бул коомчулуктун пикиринин кандайдыр бир деңгээлин билдирет.

Эске салсак,  Vesti.kg МА мурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Токтакуновапнын өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин жазган эле.
Президент Сооронбай Жээнбеков аны кызматынан бошоткон жарлыкка кол койду.  

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх