Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Компьютердик программаны да коррупцияга ылайыкташтырып жазса болот»

Саясат таануучу тендердик комиссиянын автоматтык системасын алмаштыруу тууралуу депутаттын сунушун ишенбөөчүлүк менен кабыл алды

Депутат Улан Примов (СДПК) мамлекеттик сатып алуу жараянында адамдардын кийлигишүүсүн толугу менен жок кылууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында уушул тууралуу мыйзам долбоорго түзөтүү киргизүү учурунда айтты.

«Ал жерде адамдардын катышуусун жок кылуу керек, ошондо гана бул же тигил мамлекеттик органдардын коррупциясы тууралуу күмөн ой жоголот, - дейт депутат. - Иш жүзүндө тендердин жеңүүчүсүн комиссия эмес, автоматтык система аныктайт».

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев анын ою боюнча Мамлекеттик сатып алуу мыйзамы коррупциялык схеманы ишке ашыруу үчүн жазылган. Ал эми атайын компьютердик программалар аркылуу чиновниктер сатып алууну көзөмөлдөп турат деп эсептейт ал.

- Компьютердик программаны деле коррупциялаштырып жазууга болот, - дейт ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - «Мамлекеттик сатып алуу» тууралуу мыйзамды толугу менен кайрадан рынок системасына ылайыкташтырып жазууга болот.

Эксперттин ою боюнча сатып алууга бүтүндөй комиссиянын ордуна бир адамды жоопкерчиликтүү кылса максатка ылайыктуу болот.

- Мисалы, министрди, - деп ой жүгүртөт Бакетаев. - Анткени баары бир акыркы сөз ошондо болот.Сунушту комиссия ойлонуп табат, компьютердин жыйынтыгын карап чечим чыгарышат. Бирок мунун баарына бирөө гана жооп бериши керек. Себеби, кийин кылмыш ишин козгоого оңтойлуу болот.

Эгерде Бишкек ЖЭБ модернизациясында бир адам жооп бере турган болгондо маселе эчак эле чечилмек, - деп кошумчалады эксперт.

Улан Примовдун маалыматы боюнча, сатып алуунун электрондук порталы аркылуу жылына 37 миллиард сом жумшалып жатат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх