Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабанов «тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деди. Келип катышып көрсүн

Саясат талдоочу «РАЖ» экс-лидеринин кайтып келишине саясий аренаны даярдап жатышат деп боолголойт. Президентке Жогорку Кеңештен кайрылып жатышат

Депутат Руслан Казакбаев («Республика – Ата-Журт») мурдагы партиянын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин токтотууну сунуш кылды. Ал бул сунушту парламенттен туруп президентке жолдоду.

«Ал тынчтык болушу үчүн саясаттан кетти жана ушунусу менен бийликти колдоорун айтты, - деди Казакбаев. - Бабановдун маселесине көңүл буруу керек. Ал мекенчил адам, кылмышкер эмес. Ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу керек».

Депутаттын айткандары саясат талдоочулардын ортосунда кайчы пикирди жаратты. Мисалы, саясат илимдеринин доктору Абазбек уулу Расул депутаттын айткандарынан кадимки эле саясий кадамды көрөт.

- Бирок президент Бабановдун кылмыш ишине кийлигише албайт, - дейт эксперт Vesti.kg сайты менен баарлашып жатып. 

Саясий маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул тескерисинче Руслан Казакбаевди адепсиздик кылды деп эсептейт. Саясий эмес маселени парламентте көтөргөнү аз келгенсип, аны президентке кайрылып айтты.

- Мына ушул биздин көйгөйүбүз, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мындай маселени укук талаасында, мыйзам менен чечүү керек. Бирок албетте сүйлөшүүлөр болот дегилечи.

Саясат таануучунун ою боюнча, Бабанов Кыргызстанга келиши мүмкүн, алтургай келе жаткан парламенттик шайлоого да катыша турган ниети бар.

- «Республика – Ата Журт» өзүн күчтүү партия катары көрсөттү, - деп белгилейт Эсенгул. - Ал бардык аймактарда бар жана чоң күчкө ээ. Ошондуктан Бабановдун келиши күтүлүүдө.

Дагы бир саясат талдоочу Орозбек Молдалиев ою боюнча Казакбаев мунусу менен өзүн жана Бабановду шерменде гана кылат дейт. Vesti.kg сайтына ал мындай деп түшүндүрдү, Казакбаев президенттин андай укугу жок экендигин биле туруп эле мыйзамсыз команда берип ишти токтотуп салчудай сүйлөдү. Албетте президенттин мунусу мыйзамга каршы келмек.

- Эгерде Бабановдун күнөөсү жок болсо, келе берсин да Кыргызстанга. - Эмне эле жан жөкөрлөрүнүн далдасына жашынат. Ал шайлоодо «Тизе бүгүп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деп  айтпады беле? Келип сотко барсын, актыгын далилдесин. Азыр көптңгңн саясатчылардын , оппозиционерлердин иштери укуктук агымда чечилип жатат. Ал эмнеге коркот?

Эске салсак, Бабановго карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыщ иши козголгон.

Аны айыптоого негиз болчу нерселердин бири Он-Адырдагы 28-сентябрь 2017-жылы жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү.

Учурда Бабанов чет өлкөдө жүрөт. Расмий маалымат боюнча ал дарыланып атат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх