Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште 5 миллион евро талашка түштү

Жогорку Кеңештин депутаттарына берген маалыматта каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстан 39 миллион евро насыя ала турганын билдирди


Анын айтымында айыл-чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана экспортоого багытталган “Агрардык-өндүрүштүк сатып өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоорунун алкагында чакан жана орто ишканаларга кредит берилет. “39 миллион евронун 9 миллиону кайтарымсыз грант түрүндө учурда берилип жатат”-деди министр.
39 миллион евролук долбоордун 22 миллиону Европа инвестициялык банкы тарабынан берилет. 5 миллион евро кайтарымсыз грант катары Европа союзунун Борбор Азия үчүн инвестициялык фонду кошумча бере турган болгон. 3 миллион швейцария франкы Швейцария мамлекеттик катчылыгы тарабынан грант түрүндө алынмакчы.
39 миллион евронун 5 миллиону кеңешчилерге бөлүнүп жатканын депутаттар сындап, “Кредиттик насыялар банктарга берилет, алар дыйкандардын жазган долбооруна ылайык насыя бөлүп беришет.Консультанттардын бул жерде зарылчылыгы жок”-дешти. Талашка түшкөн 5 миллион еврону кеңешчилерге бөлүп жатканда кайсы тараптан кимдер катышып мындай чечимге келгенин такташ керек дешти эл өкүлдөрү. Депутаттар Кыргызстандын мойнуна карыз катары илинип жаткан 39 миллион евро кредит маселесин сессияда кароону чечишти. Ага “Айыл банк” жана РСК банктары сөзсүз катышсын деген тапшырма берилди.

Акылай Рахматулла
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх