Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жайыттардан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетте калыш керек

«Токой кодексине»  жана «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин депутат Мирлан Бакиров көтөрүп чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттары токой фондуна кирген жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке калтырууну талкуулап, Мирлан Бакировтун демилгесин колдошту.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында сунушталып жаткан мыйзам боюнча жайыттардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү айыл-өкмөттөргө калтырса ал сумма айылдын жашоосуна жумшалаары айтылды . “Айылдарыбыздын 84 % дотацияда турат. Жайыттарды пайдалангандар чоң  суммадагы каражатты төгүшөт.Аны республикалык бюджетке түшүрбөй эле жергиликтүү бюджетке калтырсак айылдарды дотациядан чыгарууга жардам берген болобуз”- деди Мирлан Бакиров.

Кыргызстандагы 9 миллион гектар жайыт жеринин 1 миллион 200 миң гектары токой фондуна тиешелүү. Өкмөттүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин өкүлү Нурлан Жумаев сунуш кылынган мыйзам долбоорго каршы пикирин айтты. Анын маалыматында өлкөнүн жалпы аянтынын 6% гана токой, алар стратегиялык жайлар болуп саналат.“Токой фондунан түшкөн каражаттарды биз токойлорду көбөйтүүгө жана аларды сактоого жумшайбыз”-деди Жумаев. Бул мыйзам долбоорго айыл-чарба жана каржы министрликтери каршы эместигин билдиришти.

Жыйынтыгында токой фондуна түшкөн каражаттар кыскарбаш керектиги эскертилип,токой фондундагы жайыттардын канча пайызы пайдаланылып жаткандыгын тактоо тапшырмасы берилди. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоордун концепциясы жактырылды.

Акылай Рахматулла

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх