Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК мурдагы премьердин мүлкүн камакка албайбыз деп кайталайт

Чекисттер эмнеге жана кандай негизде Сапар Исаковдун үйүн тинтишкендигин түшүндүрүп беришти

Айыпталуучу Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов коомчулукта Бишкек ЖЭБ модернизациясы тууралуу козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз деп атап, ММК жана социалдык тармактарда байма бай билдирүү жасап келет. Ал УКМК кызматкерлери Сапар Исаковдун туугандарынын мүлктөрүн камакка алуу тууралуу соттун санкциясын алды деп коомчулукту адаштырууга аракет жасап жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жоопкерчиликке тартылган адамдардын кээ бирлери кайра текшерилип жатат. Ал эми соттун санкциясы бир эле Нурбек Токтакуновдун коргогон адамына эмес, ал ишке тийешеси бар бардык адамдарга берилген. көз карандысыз эксперттер мүлктүн баасын билүү максатында аларды карап чыккан. Сапар Исаковдун туугандарынын мүлктөрүн камакка алуу маселесин болсо тергөө карабайт.

УКМКнын маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх