Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

РусГидро Кыргызстандын сунушун кабыл алган жок

Компания акчаны кыйшаюусуз төлөп бергиле деп кыстап жатат, калган маселени болсо кыргыз тарап өзү чечиши керек

Орусиянын «РусГидро» компаниясы Кыргызстандын Жогоркунарын ГЭС каскадынын курулушуна кеткен 37 миллион доллар тууралуу сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Азамат Абдыкадыров айтып берди.

Анын айтымында, компания акчаны кыйшаюуусуз төлөп бергиле деп кыстап жатат, ал эми калган маселени кыргыз тарап өздөрү чечиши керек.

2012-жылы Орусия өкмөтү Кыргызстан менен Камбарата - 1 ГЭСин жана ЖНК ГЭС курулушу тууралуу келишим түзүшкөн. Документке ылайык бул эки обьектти тең орусиялык «РусГидро» компаниясы курушу керек болчу. Бирок 2015-жылы иш токтоп калгандан кийн Кыргызстан бул Орусия менен болгон келишимди жокко чыгарган.

Ушул себептүү орус тарап эми Кыргызстан аларга 37 миллион долларды төлөп берүүсү керек деп эсептейт. Бишкек болсо баалар жогорулатып көрсөтүлгөн, эл аралык аудит жүргүзүү керек дейт.

2017-жылы «Лиглас» деген чех компаниясы менен келшим түзүлгөн. Бирок Кыргызстан ал келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Сентябрь айында «РусГидронун» башкы директору, башкармалыктын төрагасы Николай Шульгинов «Ведомости» гезитине берген интервьюсунда  компания каражаттарды кайрып алуу үчүн Гаага сотуна кайрылгандыгын билдирген.

Кыргызстандын тышкы иштер Министрлиги 16-октябрда соттук доо тууралуу расмий чакыруу кагазын лбагандыгын билдирди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх