Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат министрлерди коркоктор деди. Министрлердин бирөө бир аз макул болду буга

Өкмөт мүчөсү чиновниктер эмнеге социалдык тармактарда отурушаарын түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын минситрлерин саясий эрки жок коркок деп атады. мындай билдирүүнү ал парламенттин кечеги жыйынында кылды.

- Азыр министрлер коркок болуп калышты, бизди эмне деп жазат экен деп аңдып эле соцтармактарда отурушат, - дейт эл өкүлү. Таң, күн ойлогону эле УКМК же Башпрокуратура качан келип алып кетет дешип коркушат. көптөрү чечим чыгара алышпайт саясий эрки жок.  

Өз кезегинде экономика министри Олег Панкратов Vesti.kg сайтына бүгүнкү күндө соцтармактар иш үчүн керек деди.

- Социалдык тармактар биздин жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды, - министр Бекешевдин билдирүүсүнө жооп кылып. Социалдык тармактарда мамлекеттик органдар, саясатчылар, коомдук ишмерлер ошондой эле массалык маалымат каражаттары катышып отурат. Социалдык тармактагы аянтча аркылуу коомчулуктагы кырдаалга таасир тийгизип коюуга болот. Ошондуктан бүгүнкү күндө эл адамдарынын баары ал жерде катталуу.  Бул жөн эле саркеч тенденция эмес. Бул учурдун талабы.

Олег Михайлович депутаттын  чиновниктер жоопкерчиликтүү чечим кабыл ала албайт дегенине кошулат.

- Ал эми Башпрокуратура менен УКМК тууралуу болсо кеп башка, - деп белгиледи ал.  - Коррупция менен күршүү зарыл нерсе, муну баарыбыз билебиз. Коррупция менен катуу күрөш башталгандан бери көп чиновниктер жоопкерчиликти өзүнө алып бир чечим кабыл алуудан коркуп калышты.

Министрдин ою боюнча, бул кырдаал Кыргызстандагы көп мыйзамдардын бири бирине каршы келгендигине байланыштуу.

- Эгерде кандайдыр бир мыйзамга каршы келе турган проект болсо чиновниктер ошол замат ишти токтотот. Ошентип долбоорду ишке ашышына кедерги болушат. Жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбейт. Ал эми министрлерди коркок дегени менимче аша чапкандык. Өкмөт мүчөлөрү мындай коркунучтан бир аз алысыраак, ал эми орто жана төмөнкү звеноджогу кызматкерлер эч нерсе кыла албай калышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх