Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупция менен күрөшкөн аялдын кызматын калыбына келтиришти. Анара Мамбеталиева Мамэкотехинспекцияга кайтып келет (сүрөт)

Мекеменин мыйзамсыз кызматтан бошотулган маалымат катчысы эртең жумушка чыгат

Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын кызматын калыбына келтиришет. Бул тууралуу ал өзү фейсбук социалдык тармагынан билдирди.

Белгилүү болгондой, ал жумушка эрте, башкача айтканда 19-октябрда чыгат.

«Мекенге кызмат кылууну 19-октябрдан улантам», - деп жазат ал.  

Ошондой эле Мамбеталиева аны кызматка кайра алган буйруктун сүрөтүн да жарыя кылды.

 


Эске салсак, Мамэкотехинспекциядагы коррупцияны элге ачып салганы үчүн ээлеген кызматынан бошотушкан болчу.
Кийинчерээк президенттин аппаратынын жумушчу комиссиясы анын мыйзамсыз бошотулгандыгын билдирген.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх