Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматындагылар ЭККМК башчысы БСД өз убагында тапшырбагандыгы үчүн айып пул төлөгөндүгүн билишпейт

«Биз тизме гана түзүп жана аларды прокуратурага өткөрүп беребиз»

Мамлекеттик  салык кызматындагылар каржы полициясынын башчысы Бакир Таировдун бирдиктүү салык декларациясын убагында бербегендиги үчүн айып төлөгөндүгүн билишпейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматы билдирди.

- Биз жөн эле тизме түзүп, анан прокуратурага өткөрүп беребиз, - деп түшүндүрдү МСК маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. - Бул тизмедегижарандар төлөгөн, төлөбөгөндүктөрүн билбейбиз.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты МСК бирдиктүү салык декларациясын убагында тапшырбагандар тууралуу маалыматты жарыя кылгандыгын жазган болчу.
Алар 2 миңден айып пул төлөшү керек болчу. Андан сырткары, жергиликтүү салык органы тизмени прокуратурага берет.

Тизмеде 470 ИИМдин кызматкерлери катталган. Алардын ичинде ИИБ транпорт боюнча мурунку начальниги, азыркы убакта ЭКККМК башчысы Бакир Таиров да бар.

«Финполчулардын» тизмесинде анын фамилиясы эмне үчүн жок. Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-октябрына БСД өз убагында тапшырбагандардын саны 1 миң 754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх