«Кыргызстанда 100 миңден ашуун легалсыз мигранттар бар, алардын 90 пайызы кытайлар»
Депутат миграциялык көзөмөлдү күчөтүүгө чакырат
Кыргызстанда 100 миңден ашуун легалдуу эмес мигранттар бар, алардын 90 пайызы Кытай жарандары. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.
- Жыл сайын миграция Кызматы тарабынан мигранттарга квота берилет, - дейт ал. - Аны парламент карап, өкмөт бекитет. Окууга жана ишке келген мигранттар бар. Бирок туристтик виза менен келип алып иштеп кетпей койгондору да арбын. Легалдуу эмес мигранттардын жалпы саны 100 миң. Алардын дээрлик 90 пайызын КЭР жарандары түзөт. Бул көйгөй биринчи кезекте Мамлекеттик каттоо кызматына тийешелүү, анткени кыргызстандык паспортту жасоо оңой. Миграция кызматы аларга квота бөлөт жана тез тез бөлүп турат.
Молдокматов кытай ишканалары барган сайын көп ачылып жаткандыгын белгиледи. Ал ишканаларга кыргыздарды алуу келишими бар экендигине карабай КЭРден жумушчу күчтөрүн алып келишет.
- Мисалы, Чүй облусундагы кирпич заводун текшерсе болот, - деп улантат. - Биз ал жакка бир канча ирет текшерүүгө барганбыз. Ал жерде 99 пайыз жумушчулар - кытайлар. Анткени алардын эмгеги арзан жана 20 саатка созулат экен. Бул мамлекеттик деңгээлде чечиле тураган көйгөй.
«Замандаштын» лидери бул жерде көп сыр катылгандыгын байкаган.
- Биринчи кезекте бул экономикага тийешелүү, - деп тактайт ал. - Жумушчу орун түзүлгөндө биздин мекендештерибизди жумушка алышпайт. Миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болуп жатат. ЖЭБди модернизациялоодо эски конструкцияны бузуу бир нече миллион долларга бааланган. Бул болсо жөпжөнөкөй эле иш болчу, аны биздин жарандар деле кылмак. Бирок ал жерде кытайлар иштешти. Андан сырткары Кытайдын экспансиясынан экияттанышыбыз керек. Кытайдын жарандары бизге иштегени келип, кайра кетпей калып жатышат. Анткени квотанын берилишине карап жүрө беришет. Андан сырткары, мамлекеттик органдар алардын чындап эле Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигин артынан түшүп иликтеши керек.
Түшүндүрө кетели, депутат Таабалды Тиллаев миграциялык көзөмлдү күчөтүү зарыл деп билдирди. Депутаттын сөзү боюнча, Кыргызстанда 100 миң легалдуу эмес мигранттар иштешет.
Вероника Малышева
Сүрөт www