Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Атамбаевге түштүк аймагындагы Жогорку Кеңешке талапкерлерди Илмиянов сунуштаган деп уккам

Равшан Жээнбеков азыркы парламенттин тизмесин президенттин мурдагы кеңешчиси кожоюну экөө түзгөн деп билдирди. Ал эми азыркы эл өкүлдөрү аны танып жатышат

2015-жылкы  VI  чакырылыштын депутаттарынын тизмесин Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев жана анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов экөө түзүшкөн. Бул тууралуу  «Марал.FM» радиосуна мурдагы депутат Равшан Жээнбеков билдирди.
Ушул себептүү  Vesti.kg сайты кээ бир эл өкүлдөрү менен баарлашты.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов Vesti.kg сайтына «атамекенчилердин» тизмесинин пайда болуш тарыхын айтып берди.

- Мен «Ата Мекенге» тийешелүү нерсени гана айтайын, - деп жооп берди ал. - Равшан Жээнбеков айткан нерсе бизде болгон эмес. Мен мындай нерсени биринчи жолу угуп жатам. Биздин тизмебиздин партиянын лидери Өмүрбек Текебаев түзүп берген. Маселе партиялык жыйындын мезгилинде чечилген. Тандоо аябай оор болгон, талапкерлер тыкыр иликтенген. Мен өзүм да биринчи ондукка же жыйырмалыкка жетип калаар бекенмин деп сар санаа болгом. Жээнбеков кыялындагы нерсени чындык деп айтып жатат бейм.

Өз кезегинде «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да депутаттардын тизмесин түзүүдө мурунку мамлекет башчы кийлигишкен эмес деди.

- Андай маалыматым жок, - дейт эл өкүлү. - Биз эч кимден бул тууралуу жардам сураган эмеспизөз убагында.

КСДП ракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков да VI чакырылыштын депутаттарыннын тизмеси тууралуу укпагандыгын айтты.

- Мен Равшандын бул маалыматты кайдан таап алгандыгын билбейм, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Менин билишимче, КСДП фракциясынын тизмесин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев түзгөн. Мүмкүн ага кеңеш беришсе беришкендир. Бирок түштүк аймактын талапкерлерин Илмиянов сунуштаган деп уккам.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх