Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновду өтө ири өлчөмдө алдамчылык боюнча күнөөлөп жатышат

Президенттин мурунку кеңешчиси УКМКнын тергөө абагына 28-ноябрга чейин киргизилди

Экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду өтө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттон билдиришти. Мурда Биринчи май райондук соту Илмияновдун бөгөт чарасын 28-ноябрга чейин УКМК тергөө абагына камакка алуу менен көргөн.

Эске салсак, Vesti.kg сайтына 19-октябрь күнү Икрамжан Илмияновго издөө салынгандыгын билдиришкен. Эртеси эле аны Москвадан кармап, Кыргызстанга алып келип коюшту.
Ал арада президенттин мурдагы кеңешчисине карата ишкерден пара алган коррупция фактысы боюнча арыз түшкөн деген маалыматтар пайда болду.

Кеп Илмияновдун 150 миң доллар пара алгандыгы тууралуу болгон. Бирок ал убакта УКМК ага кылмыш ишин козгогон эмес.  

Вероника Малышева
сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх