Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайтып келем деп, учуп кетти. Эксперттер экс-президент берген убадасына турушу керек дешти

Эгерде кайтып келбей койсо Атамбаев өзүнүн саясий кадырына доо кетирет

Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаев Россияга баргандан кийин Кыргызстанга кайтып келбей турган болсо бул анын өзүнө эле жаман болот. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Игорь Шестаков билдирди. Эксперт ага ал жакта көпкө жүрүүгө болбойт дейт. Анткени ага саясий кадыр барк азыр аба менен суудай керек учуру.

- Кырдаал мындай, Атамбаевдин келбей коюшу саясатка өз таасирин тийгизиши мүмкүн, - деп ой жүгүртөт ал. - Эгерде ал өлкөгө келбей койсо анда аны коомчулук коррупциялык иштерде айыптайт. Тактап айтканда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча. Менимче ал 2020-жылкы шайлоого даярданып, Кыргызстандын саясатында калгысы келип жатат окшойт. Эгерде андай болсо, ал келет.

Андан сырткары, Шестаковдун ою боюнча, мурдагы мамлекет башчыга чет мамлекетке барып жашынгыдай негиз жок.

- Биринчиден, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги бар, - эскертти ал. - Экинчиден, ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу жарыя болгон маалымат деле жок. Менимче, Атамбаев келет. Мен буга толук ишенем.

Кыргызстандын мурунку президентинин мүнөзүн саясат талдоочу марат Казакпаев аскердик деп белгилейт.

 - Атамбаев ал жактан келбей коюшу деле толук ыктымал, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Анын жакын адамы камакта калды. Ал дайыма акаев менен Бакиевден айырмаланып мен дайыма өлкөдө калам дечү. Ага камак коркунучтуу эмес. Ал келет.

Эске салсак, бүгүн КСДП саясий партиясынын маалымат кызматы Алмазбек Атамбаев  Россияга Москвада өтүүчү азиаттык саясий партиялардын конференцияларынын Эл аралык Х Башкы Ассамблеясына катышканы учуп кетти. Анда 24-27 октябрга чейин болот. Андан ары Санкт-Петрбургга бир тууган агасы Шаршенов Е.И. аялы Шаршенова К.Ш. зыйнатына барат. Батаага 2018-жылдын 22-23 октябрь айында барат. Ошондо 28-октябрь күнү кайтып келүүсү күтүлүүдө.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх