Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын тергөө абагына депутат Осмонбек Артыбаевге тез жардам чакырылды

Азыр эл өкүлү дарыгердин көзмөлүндө турат

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.  

Анын айтымында, депутатка тез жардам кечээ кечкурун керек болгон. Бирок Артыкбаевдин эмнеси ооругандыгы тууралуу эч нерсе айтылбайт.

- Врачтардын кароосунан кийин анын ден соолугу бир аз тыңып калды, азыр абалы жакшы, - деп маалымдады Сулайманов. -Учурда Артыкбаев Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция боюнча айыпталып, Осмонбек Артыкбаев жүрөгүнө операция жасалган.

Депутатка карата «Коррупция» 303 берене 1 б. менен кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх