Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банктагылар өз кызматкерлеринин турак жайына канча акча чыгымдагандарын айтып беришти

Каржы мекемеси мындай кадамдарга чанда гана барышат деп белгилешти

Кызматкерлердин турак жайына деп берилген ссуданы белгилүү бир учурларда гана кечип жиберет. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына КРУБнан билдиришти.

- «Кыргыз Республикасынын банк жана банк ишмердүүлүгү» тууралуу мыйзамында Улуттук банктын кызматкерлерине бир катар чектөөлөр коюлган, - деп түшүндүрүштү өлкөнүн негизги банкындагылар. - Улуттук банктын кызматкерлери Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаты боло албайт, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлей албайт. Андан сырткары, аларга банктан жана микрокредиттик ишканалардан кредит алганга мүмкүн эмес. Баалуу кагаздарды кармоого тыюу салынат. Ушул себептен кызматкерлерди социалдык жактан колдоо иретинде жогоруда айтылган мыйзамдын 71-беренесине ылайык Улутук банк өзүнүн каражатынын эсебинен орнотулган тартипке ылайык турак жай ссудасын берүүгө акылуу.

Мекемедегилер көрсөтүлгөн беренеге ылайык, ошондой эле жогорудагы мыйзамдын 68-беренесине ылайык башкарма чечим кабыл алууга укуктуу. Бул ишмердүүлүктү камсыз кылуу максатында ишке ашырылат деп түшүндүрүлөт.

- Мындай абал сейрек учурда гана кызматкерлерге берилген ссудаларды кечип жиберет, - деп айтышты КРУБ. - Мисалы, кызмат кылып жаткан учурда кызматкер өлсө, 1 же 2 топтогу майыптыкты алса , анын банк системасына кошкон салымы үчүн жана республиканын экономикасына кошкон салымы үчүн анын ссудасы кечилет. Ар бир конкреттүү учур өзүнчө каралат. Ошону менен бирге турак жай ссудасынын бир аз бөлүгүн кечүү маселеси да каралат. Белгилей кетчү нерсе, мындай ссуданы алуу үчүн 3 жылдан кем эмес иштөө керек. Ошону менен бирге кезекке туруу керек. 2000-2018 жылдар аралыгында кызматкерлерди үй жай менен камсыз кылууга 798 869 166 сом бөлүнгөн. Анын ичинен 31 921 678 кечилип жиберилди, башкача айтканда жалпы ссудага берилген сумманын 4 пайызга жакыны гана кечилди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх