Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Өмүрбек Бабановдун ар кайсы өлкөлөргө барып бизнес маселелерин чечип жүргөндүгүн билдирди

Руслан Казакпаевдин сөзү боюнча, «РАЖдын» мурунку лидери Кыргыз бийлигинин чакыруусун күткөн деле жок, келейин деген ою да жок

Орусияга кетип калган мурунку президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргыз бийлигинин чакыруусун күткөн жок. Анын Кыргызстанга келээр же келбешин бир гана өзү чечет. Бул тууралуу пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакпаев билдирди.

- Мен өз сөзүмдө президенттен Бабановдун кылмыш иштерин көзөмөлгө алуусун сурандым, - дейт ал. - Баары адилет жана мыйзам чегинде болууга тийиш. Кылмыш иши шайлоодон кийин дароо козголгон. Ошол кезде коркунуч бар болчу.

Депутат ошол кезде өлкөдө чыңалган саясий абал түзүлгөндүгүн эстеди. Өмүрбек Бабанов болсо абал стабилдешкиче өлкөдөн чыгып кетти.

- Анын кетүүсү адегенде ден соолугуна байланыштуу болчу, - деп эскертти Казакпаев. - Бирок ал көптөгөн саясий лидерлердин, тажрыйбалуу саясатчылардын кеңешинен улам кара келген жок.

Сөзүнүн аягында Казакпаев Бабановдун мурункудай эле Орусияда жүргөндүгүн, ишкердик менен алектенгендигин айтты.

- Ал дайыма эле Москвада турбайт. Анын бизнеси бар. Иш боюнча башка мамлекеттерге барып турат, бирок негизинен Орусияда, - деп айтып берди Руслан Айтбаевич.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх