Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук энергохолдингдин башчысы өзүнүн айлыгынын канча экендигин билбейт

Жогорку Кеңештин бир жыйынынын жүрүшүндө айырмалары он миңдеген сом менен ал үч түрлүү санды айтты

«Улуттук энергетикалык холдингдик компаниянын» төрагасы Азамат Абдыкадыров айлык акысыны канча сом алаарын билбейт. Бул тууралуу парламенттин кышкыга даярдык тууралуу маселелер каралып жаткан жыйында белгилүү болду деп билдирди коомдук ишмер Расул Үмбөталиев.

«Кээ бир депутаттар Азамат Абдыкадыровдун канча айлык алаарына кызыгышты, - дейт ал. - Биринчи сураган депутатка ал 40 миң сом алам деп жооп берди, экинчисине 80-9- миң алам деди, ал эми үчүнчүсүнө болсо 100 миң алам деди. Айлык берген ведомостту карап көрүш керек экен деди».

Умбеталиевдин ою боюнча мунучу менен УЭХК жетекчиси бир эле өзүн, мекемени уят кылбастан, биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновду да оңтойсуз абалга койду. Анткени ал Абдыкадыров канча алгандыгын билбейм, териштирем деген болчу. Биринчи вице-премьердин айлыгы Бороновдун айтуусу боюнча 45 миңди түзөт.

«Жакында эле кеткен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын окуясы менен аябай окшош көрүнүш, - деп эске салат коомдук ишмер Vesti.kg сайтына. - Ал да депутаттарга канча айлык алаарын айта албай, ведомостту караш керек деген эле».

Абдыкадыровдун жоопторунун баары эле коомдук ишмерге жаккан жок. Үмбеталиевдин ою боюнча, ал кылынган иштер боюнча берилген суроолорго эч нерсе деп жооп бере алган жок.

Мисалы, Аида Касымалиева холдинг компаниясы канча акча каражатын алат деп сурады, УЭХК башчысы бул суроого энергохолдинг ай сайын которулуп турган энергокомпаниянын каражаты менен жашайт деди.

Анткени менен Абдыкадыров чыгымдардын 74 миллион сом жылына жумшалаарын айтты. Ошонун ичинен 49 миллион сом 48 адамдын айлык акысы үчүн чыгымдалат.

Ага жардамга аймактык бөлүмдөрдүн башчысы жардамга келди. «Жалалабатэлектро» жана «Ошэлектро» башкармалыктарынын төрагалары айына 840-860 миң сом жөнөтүшөөрүн айтышты. ААК «Электр станцияларынын» өкүлү болсо 1 млн. 200 миң сом котороорун кошумчалады.

«Көптөгөн которуулар мыйзамсыз, Улуттук энергохолдинг өзүнүн тапкан пайдасынын эсебинен жашашы керек болчу, - деп баса белгиледи Расул Үмбөталиев. - Ал эми кээ бар энергокомпаниялар ишмердүүлүгүн чоң чыгымдар менен араң ишке ашырып жатышат».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх