Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Эки өлкө тышкы иштер министрликтери расмий иш сапардын күн тарбидин даярдап жатат

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтери Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарына даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чингиз Айдарбеков, Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында айтты, деп билдирет Vesti.kg сайтынын кабарчысы.  

Иш сапарынын алкагында Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов менен жолугушкан министр Айдарбеков, кесиптеши менен бирге сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Айдарбековдун айтымында, жолугушууда саясий, соода-сатык, маданий-гуманидардык, аскердик- техникалык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана чек ара маселелери талкууланды.

Министр Айдарбеков Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун былтыры декабрь айында Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагындагы макулдашуулар боюнча конкреттүү жыйынтыктарга жетишкендиктердин белгиледи.

«Аталган иш сапардын (Ред.пик. С.Жээнбековдун Казакстанга сапары) артынан биз бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапарынын күн тартибин даярдоо жана анын мазмунун толтуруу планын талкууладык», - деди министр.

Айдарбеков ошондой эле кесиптеши Кайрат Абдрахмановду Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.  

Өз кезегинде министр Абдрахманов, Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга сапарынын келерки жылы күтүлүп жатканын айтты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх