Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдарбековдун Лавров жана Крутько менен жоолугушуусу - стратегиялык өнөктөштөрдүн логикалык жаңдоосу

Мурдагы элчи КР жаңы ТИМ башчысы Кыргызстандын мурунку эле саясий багыты менен кетип жатат деп белгиледи

Өткөн дем алыш күнү Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Орусиядан кайтып келди, ал жакка кызматка киришкенден кийинки биринчи сапарын жасаган болчу. Ал орусиялык ТИМ башчысы Сергей Лавров менен жоолукту.

Бул көнүмүш жаңдоону Айдарбеков «Комерсантка» биринчи куттуктоо Лавровдон келип түштү деп түшүндүрдү.

«Мен кесиптешим Сергей Лавровдун менин дарегиме болгон биринчи куттуктоосун кубануу менен айтамын, - деди ал.  - Бул куттуктоону РФ элчиси мага жеткирди. Биз Сергей Викторович экөөбүз 2019-жылы Владимир Путиндин Кыргызстанга болчу сапары тууралуу маселени талкууладык. Ошондой эле мен да Бишкекке расмий иш сапарын жасоого чакырдым».

Белгилей кетчү нерсе, РФ Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен болгон расмий жоолугушуу да башка жоолугушууларга караганда биринчи катарда болду.

Мурдагы элчи Адиль Турдукулов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде мындай жаңдоолор элчиликте көп нерсени билдирет деди. Анын айтымында, бул өңүттөн алып караганда Кыргызстандын ТИМ башчысынын биринчи иш сапары мамлекет башчынын иш сапары сыяктуу эле чоң мааниге ээ.

- Чыңгыз Айдарбековдун саяситй кадамында күтүлбөгүн эч нерсе жок, - деди Турдукулов. - Орусиянын стратегиялык өнөктөш экендиги мурдатан эле маалым. Тышкы иштер министри муну дагы бир ирет тактап гана жатат. Ал биздин мурдагы тышкы саясатыбызды гана улантып жатат.

Мурдагы парламенттин спикери, саясат таануучу жана профессор Зайнидин Курманов бул жүрүштү саясий жандоо деп эсептейт. Бул кыргызстандын негизги өнөктөшү Орусия дегенди билдирет.

- Муну салтка айланган сапар десек да болот, муну биздин бардык мамлекет башчылар, элчилик мекемелердин баары бул тартипти сакташат, - деди ал. - Президент, премьер биринчи кезекте кайда учуп барышат? Албетте Москвага, анан кийин башка жакка барышат. Мында эч бир жаңылык жок. Кыргызстан үчүн Орусия менен кызматташуу приоритеттүү. Биз эгемендүүлүк алгандан бери эле ушундай.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 17-октябрда Чыңгыз Айдарбековду тышкы иштер министри кылып дайындаган жарлыкка кол койгон. Мурдагы ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз арызы менен эс алууга кеткен.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх