«Депутат жоокерлер менен ооруктун эмгекчилеринин айырмасын түшүнө албайт, бирок өзүн көрсөткүсү келет»
Аскердик эксперттер Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин көбөйтөлү деген сунушту сындашты
Депутаттар жеңилдик алуучуларды азайтууну же көбөйтүүнү өз ара чече албай жатышат. Мындай деген пикирин Улуттук гвардиянын мурдагы командачысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев билдирди.
Түшүндүрө кетели, депутат Рада Туманбаева «Согуштун ардагерлери, Куралдуу күчтөр жана ооруктун эмгекчилери тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштайт. Депутаттын ою боюнча, оруктун эмгекчилерин Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен теңдөө керек.
- Ушул мыйзамды кабыл алгандан кийин, балким ооруктун эмгекчилери көбөйө түшөөр, - дейт Абдыгул Абдрашитович. - Тизмеге ошол согуш кезинде 10 жашта болгондор да кирип алат. Мен бул демилгеге каршымын. Андан сырткары, депутаттардын ойлору түшүнүксүз. Бирөө жеңилдик алгандарды азайталы десе, экинчиси алардын тизмесин көбөйтөлү дейт. балким алар өз ара ушул маселени адегенде чечип алышса кандай болот?
Өз кезегинде аскердик эксперт, эс алуудагы полковник Токтогул Какчекеев мыйзамга түзөтүү киргизүүнүн зарылчылыгын деле көрбөйт.
- Мен ооруктун эмгекчилерин баалайм, бирок аларды согуштун ардагерлери менен салыштыруу туура эмес, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мисалы Курск салгылашуусунда бүтүндөй дивизия согушка кирип, кайра бир гана батальон артка тирүү кайткан, ал эми оорукчулар жумушка барып, анан кечинде үйлөрүнө кайтышкан. Депутат айырмасын билбей эле өзүн көрсөткүсү келет.
Токтогул Какчекеев депутаттар баткен-согушкерлерине көңүл бурушса туура болмок деп белгилейт.
- Алар эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өз жерин коргоп чыгышты, - деп эскертти. - Афганистанда согушкан жоокерлер көп жеңилдиктерди алат, мен аларды сыйлайм. Бирок биздин жоокерлер өз жерибизди коргоп, эч нерсе алышпайт. Бул аскерге болгон көңүл коштук.
Вероника Малышева
Сүрөт www