Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратурага «Электр станцияларынын» жетекчилигинин үстүнөн арыз түшөт

Компания Камбарата ГЭСинде олуттуу авария болгондугун танат. Эксперт мамлекетке материалдык чыгым келтирилген деп эсептейт

Кыш мезгилине жакшы даярдык - бул жарандардын өмүрү, ден соолугу тууралуу маселе, андан сырткары экономиканын өнүгүшү. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына энергетика жаатынын эксперти Расул Үмбөталиев билдирди.

- Биздин ГЭСте авария көп болот, жөн гана ал тууралуу билдиришпейт, - деп белгиледи ал. - Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов кышкы даярдыкка жеке мен жооп берем деп айтты. ЖЭБ гана эмес ГЭСтердин жоопкерчилиги үчүн да белгилүү жоопкер адамдар бар болсо керек. Эми болсо ААК «Электр станциялары» жетекчилиги Камбарата-2 ГЭСинде эч кандай деле коркунучтуу авария болгон жок дейт. Чындыгында бул болгон авария ишке болгон шалаакылыкты билдирет.

Расул Акматович электр энергиясын иштеп чыгарган агрегат 5 айдан бери иштебей тургандыгын түшүндүрдү.

- Камбарата-2 ГЭСинин өзгөчөлүгү Токтогул суу сактагычынын жогору жагында тургандыгында болуп жатат, - деп түшүндүрөт ал. - Бул суунун сарпталышына түздөн түз таасирин тийгизет. ГЭСтен канчалык энергияны көп ала турган болсок, ошончолук суу сактагычтагы суу  аз сарпталат. Азыр суунун азайган мезгили. Сууну сакташ керек. Экинчи жагынан алып караганда жөнөкөй Камбарата ГЭСи мамлекетке 2-3 миллион сом зыян алып келип жатат, анткени агрегат 4 айдан бери иштеген жок. Биз канча акчаны жоготконубузду эсептеп коюу кыйын эмес. Агрегатты капиталдык ремонт кылдык дешет, эмнеге антишти? ГЭС болгону 8 жылдан бери иштеп атса, анда кантип 30 жыл иштемек?

Үмбөталиев Башпрокуратурага арыз жазганга ниеттенип жатат, күнөөлүү адамдар жоопко тартылышы керек.

- Мамлекетке материалдык чыгым келтирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо керек, - деп сөзүн аяктады ал.
Түшүндүрө кетели, мурда Расул Үмбөталиев  Vesti.kg сайтына Камбарата ГЭСинде авария болгондугун билдирген болчу. Эксперттин айтымында, бул тууралуу ага ГЭСтин кызматкерлери айткан.

«Жай мезгилинде ААК «Электр станциялары» Камбарата-2 ГЭСиндеги №1 агрегатты капиталдык ремонтко чыгарган, - деп эскертти эксперт. - 20-октябрга ремонт аяктаган. Бирок ААК «Электр станцияларынын» филиалы №1 агрегатты электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн ишке киргизе алган жок. №1 гидроагрегаты ишке жараксыз абалда экен. Ал жердеги кумдарды, ылайларды тазаламайынча Камбарата ГЭСи электр энергиясын иштеп чыгара албайт.  К-А ГЭС-2  суу сактагычындагы техникалык суу жогорку бьеф аркылуу иштеп жаткан ноого өтүп, гидро түтүктөрдүн айланасына кирет жана төмөнкү бьеф аркылуу ошол эле иштеп аткан ноого агып түшүшү керек».

(орфография жана пунктуация сакталды)

Өз кезегинде «Электр станциялары» ААК Расул Үмбөталиевдин билдирүүсүнө авариялык кырдаал болгон жок деп жооп берди   Vesti.kg сайтына.

- Станцияда бир сууагрегаты бар, ал иштегенге толугу менен даяр турат, - дешти андагылар.
- Бирок ылай толуп калгандыгына байланыштуу тазалоого туура келип жатат. Бул кырдаалды биз жөнгө салабыз. Ылай толуп калуунун себеби мындай: Камбарата ГЭС-2 ден жогору жакта Нарын дарыясында гидротехникалык курулуш жок, ошондуктан бардык ылай Камбарата ГЭС-2 ге келип топтолот. Бул алдын ала албай турган, бирок оңдогонго боло турган кырдаал. Ноябрь айынын аягына чейин оңдоп бүтөбүз. Иш көп жана кыйын болот. Гидроэнергетиктер Русул Үмбөталиевдин мынчалык ызырынганына түшүнө албай турушат.

«Электр станциялары» да «2018-2019 жылга кышкы даярдык тууралуу» өкмөттүн токтому боюнча компания 2 652 МВт өндүрүшү керек болчу.

- Биз 739 МВт көбүрөөк иштеп чыгарып жатабыз. КаГЭС-2 мүмкүн болгон кубаттуулугу 90 МВт. бул деген КАГЭСтин ички электр энергияны керектөөсүнө таптакыр таасирин тийгизбейт деген сөз, - деп аякташты компаниядагылар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх