Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдин Сулайманов: «Менин оюмча, Илмиянов психилигиялык стресске дуушар болду»

Экс-президенттин мурунку кеңешчиси өзүн УКМКнын тергөө абагынын жалгыз адамдык камерасына которууну суранды

Экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагындагы жалгыз адамдык камерага которууну суранды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

- Биздин кызматкерлер ага кечээ кирип чыгышты, -дейт ал. - Анын камактагы шарты аныкталды, ошондой эле тергөө органдары тарабынан басым болбогондугу текшерилди. Негизи тергөө абагына болгон сапарыбыз Жантөрө Сатыбалдиевдин арызы боюнча болгон болчу. Бирок Илмияновго да кызыгып жоолуга чыктык.

Сулайманов экс-президенттин мурдагы кеңешчиси эч нерсеге даттанбагандыгын белгиледи.

- Тергөө абагынын администрациясы бизге Илмияновдун өзүн башка камерага которууну сурангандыгын билдирди, - деди ал. - Бул эмнеге байланыштуу экендигин билбейм. Менимче ал мындай жабык мекемеге камалып калып психологиялык стресске кабылды көрүнөт.

Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору башка камактагыларга анын кызматкерлери кирбегендигин кошумчалады.

- Алар көптөн бери отурушат, биз аларга мурда киргенбиз. Азыр эч кандай талаптар жок, - деп сөзүн аяктады ал.
УКМКдагылар Vesti.kg сайтына бул тууралуу маалыматты кийинчерээк билдиребиз деп убада кылышты.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх