Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жооптуу кызматка кооптуу аткаминер келдиби?

Маалымат технолгиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев депутат Рыскелди Момбековту сотко берди

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрь күнү жакында эле маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик  комитетине төрага болуп дайындалган Бакыт Шаршембиев парламенттин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбековтун үстүнөн арызданып сотко кайрылганы белгилүү болду. Ал бул кадамын депутат анын кадыр-баркына шек келтиргени менен түшүндүрдү. Мухамметкалый Абылгазиевтин өкмөтү түзүлүп жаткан учурда Премьер-Министр мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Бакыт Шаршембиевди сунуштаган. Ага депутат Рыскелди Момбеков каршы оюн билдирип, Шаршембиев укук коргоо органдары тарабынан козголгон 8 кылмыш ишине катышы бар экенин айткан.

Vesti.kg ге берген интервьюсунда Рыскелди Момбеков соттошууга даяр экенин билдирди.

- Рыскелди Чыныбекович, Бакыт Шаршембиевтин мамлекеттик комитеттин төрагалыгына сунушталып жатканда ага каршы айткан сөзүңүз эсиңиздеби? Кайсы сөзүңүз Шаршембиевтин кадыр-баркын түшүрдү деп эсептейсиз?

- Сөзмө сөз так кайталап айта албайм. Парламенттин ар кандай маселелер бөлүгүндө мен жол коопсуздугу, коопсуз шаар долбоору боюнча айтып, «Жооптуу кызматты кооптуу адамга берип атасыңар.Мен билгенден 8-9 кылмыш ишке Бакыт Шаршембиевтин тиешеси бар.Мен документтерди алдым, кылмышка тиешеси бар экени документтер менен далилденет»-деп айткам. Ал ошондо «Мен эки кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жатам.Эки кылмыш иши кыскартылган»-деп жооп берген. Муну менен Шаршембиев кылмыш иштерге тиешеси бар экенин өзү мойнуна алып жатат. Таң калганым, мен парламентте отуруп мамлекеттик тилде сүйлөгөм. Шаршембиев Сокулук райондук сотуна берген доо арызын расмий орус тилинде жазыптыр. «Депутат Момбековтун айткан сөздөрдүн үч сүйлөмү менин кадыр баркыма шек келтирди»-деп атат да Шаршембиев.

Мындай доо арыз бергенде менин кыргызча сүйлөгөн сөзүмдү орус тилине так которуш керек.Лингвисттер которуп, менин кайсы сөзүм анын ар-намысына,кадыр баркына шек келтиргенин аныкташ керек. Ошол мен айткан сөздөрдөн кийин Шаршембиевтин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып, мынча күн дарыланды,мынчалык материалдык зыян тартты,мынчалык деңгээлде ден-соолугуна зыян келтирилсе башка кеп. Өз оюнан чыгарып, менин кадыр баркыма шек келтирди деп жатпайбы. Мени бир миллион сом төлөсүн деп жазыптыр доо арызда. Соттошкондо белгилүү болот да ким канчалык даяр экени.

«Коопсуз шаар» долбоорун кылмышка шектүү адамга ишенип берип атышат»

Кыргызтелекомго,РПО РМТР, байланыш агенттиги жана Шаршембиев азыр жетектеп турган маалымат технологиялар мамлекеттик комитетинин алкагында козголгон кылмыштар боюнча мен күч органдарына кат менен кайрылдым. Ага байланыштуу биздин тармактык комитетте жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топтун төарагасы болуп мен шайлангам.Маалыматтарды алуу үчүн кат жазсам жооп келди.Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өз колу менен жазган жоопто козголгон 8 кылмыш иши боюнча терең маалымат берген.Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Исмаиловтун берген жообунда жана Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дардаңов, ошондой эле экономикалык кылмыштар боюнча кызматтын төрагасынын орун басары Жамгырчиев,жалпы күч органдары козгогон кылмыш иштерине Бакыт Шаршембиевтин тиешеси бар деп жооп жөнөтүшкөн.

Күбөдөн айыпталуучуга айлануу эки эле мүнөт

Анын баарына «Менин козголгон иштерге тиешем жок,мен фигурант  эмесмин.Болгону мен ал иштерде күбө катары өтүп жатам»- деди. Фмгурант дген ким? Кылмыш ишинде 3 фигурант болот: Шектүү адам, күбө адам жана айыпталуучу адам. Күбө адам да фигурант болуп саналат.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх