Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сатып кетпесин деп» алдын ала чара көрүп, КСДПнын жетекчилиги Өмүркуловду партиядан чыгардыбы?

Саясат таануучу Алмазбек Атамбаевге партиянын жетекчилигин тапшырууну сунуш кылды. Ушундай кылса балким анын тилектештерине жардам болоор

Иса Өмүркуловду оор моралдык кырдаалга кептешти, анын алдында Алмазбек Атамбаевди же Сооронбай Жээнбековду тандоо маселеси турат. Бирок ал экөөнө тең душман эмес, ошондуктан саясий кеңеш аны партиядан чыгарып салды. Окуяга ушундай көз караш менен караган саясат таануучу Максат Мамытканов оюн Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Өмүркулов - Атамбаевдин эски, жакын досу жана ал аркылуу Жээнбеков менен таанышкан, - дейт ал. - Көп убакыт бою партияда жолдош болушту. Азыркы татаал кырдаалда деле ал экөөнө тең дос ойдон кала берет. Анын курагында саткындык кылууга туура келбейт.

Бирок эмнеге аны фракциянын башчылыгынан алууга чейин барып жатышат?  Сатып кетпесин деп алдын ала чара көрүп, саясий бирикме Өмүркуловго туура эмес баа берип алды, деп эсептейт эксперт.

Бул жерде кеп «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрү менен болгон жоолугушуу тууралуу болуп жатат. Бул кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун журналисттерге партиялык системаны бир адамдын узурпация кылып алгандыгына байланыштуу Иса Шейшенкулович партияда өнүгүү болбой калгандыгына макул болду деп билдирген. Бирок бул нерсеге Мамытканов башкача баа берет.

- «Атамбаевсиз КСДП» деле мурдагы партиянын мүчөлүрүнөн турат, аларды партиядан жөндөн жңн эле чыгарып салуу туура эмес болгон, - деп белгиледи ал. - Иса Өмүркулов аксакал катары Алардын Атмабаевге карата нааразычылыгы тууралуу маектешкен. Башкача айтканда арачы болгон. Бирок партиянын жетекчилиги аны туура эмес түшүнүп алды.

Кыскасы, өмүркуловдун партиядан чыгарылышын жеке Атамбаевдин чечими деген туура эмес деп баса белгилейт саясат таанучу. Анын алган багыты тууралуу партия билдиргенде гана талкуу кылыш керек.

- КСДП үчүн Иса Өмүркуловдун кылгандарын унутпаш керек, - деп кошумчалады эксперт. - Эгер андай боло турган болсо… Демек, ал жердегилер чындыкты айткысы келбей жатат.

Дагы бир саясат таануучу, Чынара Эсенгул КСДПдан Өмүркуловдун куулушунда көп нерсе катылып жатат деп эсептейт. Анын пикири боюнча, болуп жаткан окуяны Атамбаев партиядан керексиз адамдарды тазалап жатат деп түшүнсө болот экен.

- Эгерде фракциянын лидери өзүн Иса Өмүркуловго окшоп алып жүрсө, башкача айтканда партиядан четте карап туруп алса, таң кала турган эч нерсе жок, - деп айтты ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бул мындан мурдараак деле болсо болмок, бирок мындай чечимдерге албетте убакыт керек болот.

Ошондой эле Чынара Эсенгул Илмияновдун камалышы менен Өмүркуловдун айланасындагы кырдаалды байланыштырбоо керек дейт. Бирок ал бул ишке саясий ишмерлердин киришүүсү бар экендигин мойнуна алат.

Саясий маселелер боюнча эксперт Аркадий Гладилов Өмүркуловдун куулушун шефин Сооронбай Жээнбеков менен болгон тирешүүдө колдобой койгондугунан келип чыкты деп эсептейт. Ананчы, Атамбаевди өнөктөшүнүн мындай мамилеси канааттандырган жок.

Иса Өмүркуловдун эмне үчүн бул жолду тандагандыгы Гладиловго да сыр болуп жатат:

- Кыргызстанда классикалык түшүнүктөгү партия жок, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Кыйын мезгилде бир күчтүү адамга баш уруу адат болуп калган. Ал эми бул жерде Акелланын огу тийбей калды! Азыр КСДПнын мүчөлөрү күчтүү оюнчу издеп жатышат. Болбосо жаңы  партияга кетеби, ар ким билишинче аракет жасайт.

Саясат таануучунун оюнча, бул кризистен чыгууга аларда мүмкүнчүлүк жок. КСДП мурдагы «Ар Намыс» же «Ата Мекендин» тагдырын кайталайт. Башчысы жок болуп калган учурда мурунку таасирин жоготот.

- Алмазбек Атамбаев партиянын жетекчилигин таштап кетсе, тилектештерине чоң жардам кылган болот эле, - дейт Гладилов. - Өз убагында кетип калуу керек, баары бүткөн соң кетпей. КСДП жашайт, өз өктөмдүгүн да көрсөтө алат, бирок Атамбаев жок болгон кезде гана.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алгандыгын жазган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин парламенттик фракуиясынын депутаттарына Өмүркуловду фракция лидерлигинен алуу сунушу киргизилген.

Бир жумача мурун Иса Өмүркулов өз кабинетине «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын Ысык-Көлдң өткөн конференциясынын катышуучуларын кабыл алган болчу.

«Ал биздин идеябызды колдоду, - деп билдирген кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов журналисттерге. - Иса Өмүркулов өзүнүн париядагы өнүгүү тууралуу оюн айтты. Биз партиядагы кетирилген катачылыктар тууралуу сүйлөштүк, система бир адам тарабынан узурпацияга учураган. Партия мындан ары өнүкпөйт, ага демократия керек».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх